Пекжан ЕБнин экономика комиссары менен сүйлөштү

Пекжан ЕБнин саммитинин алдында Жентилони менен онлайн жыйын өткөрдү.

1606698
Пекжан ЕБнин экономика комиссары менен сүйлөштү
Ruhsar Pekcan-Paolo Gentiloni.jpg
ruhsar pekcan.jpg

Соода министри Рухсар Пекжан Европа Биримдигинин (ЕБ) экономика комиссары Паоло Жентилони менен сүйлөшүү өткөрдү.

Пекжан Твиттердеги жеке баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө ЕБнин саммитинин алдында Жентилони менен маанилүү онлайн жыйын өткөргөндөрүн айтты.

Министр Пекжан, жыйында эки тараптуу экономикалык жана соода карым-катнаштары, Түркия-ЕБ позитивдүү күн тартиби,  Бажы Биримдигинин жаңыланышы, Жашыл келишим жана бажы кызматташтыгы маселелерин карап чыккандарын айтты.

Пекжан: «Биз Гентилони менен бажы процедураларын санариптештирүү, ыйгарым укуктуу милдеттенмелердин эки тараптуу түрдө таанылышына карата кызматташтыкты улантуу жана тыгыз диалогду түзүү боюнча макулдаштык. Мен ага ушул натыйжалуу жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирем»,-деди.



Тектеш кабарлар