Элван: «2020-жылды Түркия өсүш менен жапкан сейрек кездешүүчү өлкөлөрдүн бири болду»
Казына жана каржы министри Лүтфи Элван,2020-жылдагы өсүү көрсөткүчтөрүнө баа берди.
Казына жана каржы министри Лүтфи Элван, дүйнөлүк саламаттык кризиси уруп өткөн 2020-жылы Түркиянын өсүш менен жапкан сейрек кездешүүчү өлкөлөрдүн бири болгонун айтты.
Түркиянын экономикасы 4-чейректе 5,9 пайызга өстү. 2020-жылы өсүү темпи 1,8 пайызды түздү.
Түркиянын Статистика мекемеси (TUIK), Түркиянын 4-чейрек жана 2020-жылдагы өсүү көрсөткүчтөрүн жарыялады.
Буга ылайык, ички дүң өнүм (ИДӨ) 2020-жылы 1,8 пайызга өстү.
ИДӨ 2020-жылдын төртүнчү кварталында өткөн жылдын тийиштүү чейрегине салыштырмалуу 5,9 пайызга өстү.
2020-жылдагы өсүү көрсөткүчтөрүнө баа берген, Казына жана каржы министри Лүтфи Элван: «Биз дүйнөлүк саламаттык кризиси уруп өткөн 2020-жылды өсүш менен жапкан сейрек кездешүүчү өлкөлөрдүн бири болдук»,- деди.
Министр Элван, Твиттердеги билдирүүсүндө,«Биздин 2021-жылдагы башкы приоритетибиз баалардын туруктуулугуна жетишүү. Инфляцияга каршы күрөшүү саясатыбыз сапаттуу жана туруктуу инвестиция, өндүрүш жана өсүү жолуна жол ачат»,деген маалыматты жазды.