Британиялык туристтер эс алуу үчүн Мугланы тандашууда
Аймакта эс алууну каалаган британиялык туристтер эрте брондой башташты.
Дүйнөгө белгилүү туристтик жайлар жайгашкан Мугла коронавирус (Ковид-19) пандемиясына карабастан, көрсөтүлгөн коопсуз жана сапаттуу туризм кызматтарынан улам быйыл дагы британиялыктардын баш тарткыс даректеринин катарына кирет деп күтүлүүдө.
Коопсуз туризмди сертификациялоо программасынын негизинде коопсуз жана сапаттуу эс алуунун дарегине айланган Муглада сектордун өкүлдөрү, Британ өкмөтүнүн май айында саякаттоого тыюу салууну алып салууга даярдануу чечимине кубанышты.
Аймакта эс алууну каалаган британиялык туристтер эрте брондой башташты.
Өткөн жылы Муглага келген 695 миң 314 туристтин 309 717си британиялык коноктор болгон.
2019-жылы 1 миллион 137 миң 108, ал эми 2018-жылы 1 миллион 27 миң 304 британиялык турист эс алуу үчүн ушул шаарды тандашты.
Тектеш кабарлар
Түрк чайынын экспорту
Түркияда өстүрүлгөн чай жылдын 3 айында 96 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга сатылды.