Толук биодизель менен иштеген генератордун прототиби Түркияда чыгарылды
Arken Generator заводуна барган өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, фабриканын Стамбул техникалык университетин (ITU) бүтүргөн 3 электр инженери тарабынан негизделгенин айтты.
Стамбулдагы Arken Generator дүйнөдө биринчи жолу толук биодизель менен иштеген генераторлордун прототибин чыгарды.
Arken Generator заводуна барган өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, фабриканын Стамбул техникалык университетин (ITU) бүтүргөн 3 электр инженери тарабынан негизделгенин айтты.
Түрк ишкерлеринин бул аракеттеринен таасирленгендигин баса белгилеген Варанк: «Алар биринчи биодизель менен иштей турган генераторлордун прототибин жасашты. Алар аны айрыкча экологиялык көйгөйлөрү бар тармактарга сатууну пландаштырууда»,-деп баасын берди.
Прототибин 100% түрк капиталы менен Arken Generator компаниясы чыгарган биодизель генератору жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн калдыктарынан турган дизелди кайра иштетүү принцибине негизделген. 100 пайыз биодизель менен иштеген генераторду патенттеген Arken Power Generation компаниясы өзүнүн прототибин орто мөөнөттө сатыкка чыгарууну пландаштырууда.
Тектеш кабарлар
Шимшек IMF-Дүйнөлүк банк жыйындарына катышат
Дүйнөлүк экономикадагы көйгөйлөр менен мүмкүнчүлүктөр талкууланган Жазгы жыйындар башталды.