2021-жылга карата инфляция божомолдору

Нажи Агбал маалымат берди.

1572864
2021-жылга карата инфляция божомолдору

Түркия Республикасынын Борбордук банкынын төрагасы Нажи Агбал, 2021-жылдын акырында инфляциянын 9,4 пайызды түзөрүн болжолдошконун билдирди.

Пресс-конференцияда жылдын биринчи инфляция отчетун түшүндүргөн Агбал, акыркы айлардагы валюта курстарынын төмөндөшү алмашуу курсунун инфляцияга тийгизген таасирлеринин төмөндөй тургандыгын көрсөткөнүн белгилеп, 2021-жылдагы инфляциянын божомолдору өзгөрбөгөнүн айтты.

«Биздин болжолубуз боюнча, 2021-жылдын аягында инфляция 9,4 пайызды түзөт. Биз октябрь айындагы Инфляция отчетунда көздөлгөн инфляциянын божомолдорун сактап калдык. 2022-жылы инфляция 7 пайызды түзөт деп болжолдоп жатабыз»,-деди.

5 пайыздык инфляция деңгээлине жетүү үчүн Акча саясаты комитетинин колундагы бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонууну уланта турганын белгилеген Нажи Агбал: «Биз 2023-жылдын аягына чейин инфляция максатына жетебиз деп болжолдоп жатабыз. Максатка жеткенге чейин этият мамилебизди сактайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар