Эрдоган «Өткөн жумада эмне кылдык?» аталышындагы маалыматын бөлүштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган,Твиттердеги эсебинен өткөн аптада жасалган иштер тууралуу маалымат бөлүштү.

1570457
Эрдоган «Өткөн жумада эмне кылдык?» аталышындагы маалыматын бөлүштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, социалдык медиа тармагынан «Өткөн жумада эмне кылдык?» аталышындагы маалыматын бөлүштү.

Президент Эрдоган, Твиттердеги эсебинде жазган постунда, «Өткөн жумада, айрыкча айыл чарба, энергетика жана башка көптөгөн коргоо өнөр жайы жаатындагы маанилүү кызматтарды жана долбоорлорду ишке ашырдык, тейлөө жасала турган курулуш иштерин тездетип ишке киргиздик. Түркияга мындан да гүлдөп-өскөн келечекти камсыз кылуу үчүн туруктуу жана чечкиндүү иш алып барабыз»,деген маалыматты жазды.

Бөлүшүүсүндө, «Улуттук Фрегат Стамбул F515 сууга түшүрүлдү, Эргани жана Башлар дамбалары жана Эргани ичиле турган суу тазалоочу жайы пайдаланууга берилди, Силван дамбасын толтуруу иштери аяктады, Экономикалык Өнүгүү жана Кызматташтык Уюмунун (OECD) Стамбулдагы башкы кеңсеси ачылды, Маданият жана туризм министрлиги 2019-2020 Атайын сыйлыктарын тапшыруу аземи өткөрүлдү»,деген маалымат орун алды.



Тектеш кабарлар