«Фатих» бургулоочу кемеси Кара деңиздеги «Түркали-2» кудугуна жетти

Энергетика жана табигый ресурстар министри Фатих Дөнмез,өзүнүн Твиттердеги эсебинен маалымат бөлүштү.

1569886
«Фатих» бургулоочу кемеси Кара деңиздеги «Түркали-2»  кудугуна жетти

Энергетика жана табигый ресурстар министри Фатих Дөнмез, «Фатих» бургулоочу кемеси Кара деңиздеги жаңы бургулоочу жер болгон «Түркали-2» кудугуна жеткенин билдирди.

Дөнмез, өзүнүн Твиттердеги эсебинен:«Кечээ кечинде Филёс портунан казыгын сууруп алган «Фатих» бургулоочу кемебиз, Кара деңиздеги жаңы токтой турган жери Түркали-2ге жетти. Кемебиз даярдангандан кийин Сакария газ аянтындагы иштерин баштайт. Карадеңиздин багындыруучусу иштерин тынымсыз улантууда»,-деп айтты.

Түркиянын биринчи жергиликтүү бургулоо кемеси «Фатих», Сакария газ  аянтында табигый газ табылгандан кийин, биринчи бургулоо жасалган терең деңиз кудугу болгон Түркали-1деги иштерин 77 күндүн ичинде 18-январда ийгиликтүү аяктаган.



Тектеш кабарлар