Түркия 120 өлкөгө фундук экспорттоду
Түркиянын фундук экспортунун жылдык орточо көлөмү 249 миң тонна болуп, андан болжол менен 1 миллиард 609 миллион доллар киреше тапты.
1569580
Түркия 2001-2020-жылдарды камтыган мезгилде 4 миллион 993 миң 167 тонна фундук экспорттоду.
Кара деңиз фундук жана азыктары ассоциациясынын маалыматына караганда, жылына орто эсеп менен 120 өлкөгө фундук саткан Түркия, 2001-2020-жылдарды камтыган мезгилде жалпы 32 миллиард 195 миллион 654 миң 140 долларлык фундук экспорттоду.
Түркиянын фундук экспортунун жылдык орточо көлөмү 249 миң тонна болуп, андан болжол менен 1 миллиард 609 миллион доллар киреше тапты.
Эң жогорку фундук экспорту 319 миң 772 тонна менен 2019-жылы ишке ашырылса, эң көп киреше болсо 2015-жылы 2 миллиард 827 миллион 316 миң 418 доллар менен камсыздалды.