Түркия Европада дагы турак жай сатуу рекордун жаңылады

Түркия Статистикалык мекемесинин (TÜİK), маалыматтарына караганда, турак жай сатуу көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 11,2 пайызга жогорулады.

1563645
Түркия Европада дагы турак жай сатуу рекордун жаңылады

Түркия өткөн жылы турак жай сатууларынын жалпы көлөмү боюнча 1,5 миллион турак жай сатуу менен эң жогорку рекордду жаңылады.

Түркия Статистикалык мекемесинин (TÜİK), маалыматтарына караганда, турак жай сатуу көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 11,2 пайызга жогорулап, 2020-жылы 1 миллион 499 миң 316га жетти.

Буга чейинки эң жогорку көрсөткүч 2017-жылы 1 миллион 409 миң 314 деп белгиленген.

Коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) эпидемиясынын карабастан, мурунку эң жогорку көрсөткүчкө салыштырмалуу 6,4 пайызга көбөйгөн. Мурунку эң жогорку көрсөткүчтөн 90 миң үй көп сатылды.

Dap Yapı компаниясынын башкаруу кеңешинин төрагасы Зия Йылмаз, саламаттыкты сактоо тармагындагы ийгилик сатууга оң таасирин тийгизгенин кеп кылып,«Түркияда 2020-жылы турак-жай сатууларынын саны 11,2 пайызга өстү. Мындай өсүү темпи Европада жок. Тескерисинче, Италия, Франция, Британия жана Испания сыяктуу өлкөлөрдө 10 пайыздан 25 пайызга чейин төмөндөө болду. Түркия, Европада үйлөрдүн сатылышы жагынан рекордун жаңыртты»,деп маалымдады.



Тектеш кабарлар