Демир: «2021-жылы «Акынжы» TİHAнын биринчи тапшыруулары болот»

Президенттикке караштуу Коргоо өнөр жайы башкармалыгынын төрагасы проф. Д-р. Исмаил Демир «2020-жылга баа берүү жана 2021-жылга максаттар» жыйналышында билдирүү жасады.

1561253
Демир: «2021-жылы «Акынжы» TİHAнын биринчи тапшыруулары болот»

2021-жылы «Акынжы» чабуулчу учкучсуз учуучу аппараттын (TİHA) биринчи тапшыруулары болот, «Аксунгур» куралдуу учкучсуз учуучу аппаратынын (SİHA) сериялык өндүрүшү улантылат, «Атак» Фаза-2 чабуулчу тик учактын алгачкы тапшыруулары башталат.

Президенттикке караштуу Коргоо өнөр жайы башкармалыгынын төрагасы проф. Д-р. Исмаил Демир «2020-жылга баа берүү жана 2021-жылга максаттар» жыйналышында билдирүү жасады.

Түркиянын ички коргонуу өнөр жайы долбоорлоруна токтолгон Демир: «2021-жылы алгачкы тапшыруулар  «Акынжы» чабуулчу учкучсуз учуучу аппаратта (TİHA)  ишке ашырылат, «Аксунгур» куралдуу учкучсуз учуучу аппаратынын (SİHA) сериялык өндүрүшү улантылат, «Атак» Фаза-2 чабуулчу тик учактын алгачкы тапшыруулары башталат»,-деди.

2021-жылы (төмөнкү бийиктиктеги абадан коргонуу ракеталык тутуму) Хисар-А + дагы инвентаризацияга киргизиле тургандыгын баса белгилепөген Демир: «Хисар-О + (орто бийиктиктеги абадан коргонуу ракеталык тутумунун) сыноолору аяктап, система инвентаризацияга кирүүгө даяр болот»,-деп айтты.

Демир: «Быйыл биринчи улуттук кемеге каршы ракета «Атмажа», атамекендик жана улуттук «Акя» торпедосу жана «Караок» танкка каршы куралдын алгачкы тапышуулары жүргүзүлөт»,-деп маалыматтандырды.



Тектеш кабарлар