Дүйнөлүк басма сөз 23.08.2021

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1695564
Дүйнөлүк басма сөз 23.08.2021

 

Франция 24: Францияда 2-сентябрда мектептердин ачылышы менен, орто жана жогорку класстын окуучуларын камтыган Ковид-19 эмдөө өнөктүгү башталат.

Le Monde: Францияда саламаттыкты сактоо лицензиясына каршы демонстрациялар 6 жумадан бери уланып жатат, Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Франция боюнча уюштурулган каршылык акциясына 175,500дөн ашуун демонстрант катышты.

Франция 24: Гаитиде болгон жер титирөөдөн кийин каза болгондордун саны 2200гө жетип, баланс оорлоп баратат жана гуманитардык жардамдын бул аймакка жетиши татаалдашууда.

Аль-Ватан (Оман): Ооганстан: Өлкөдөн эвакуациялар дүйнөнү алагды кылып жатканда,  Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк уюму кырсык болуп кетпесин деп эскертет.

Аль-Земан (Ирак): Ирактын премьер-министри Мустафа Аль-Казими Кувейтке сапар жасоодо.

Tagesschau.de: Германиянын көптөгөн шаарларында өткөн демонстрацияларда миңдеген оогандыктарды өлкөгө качкын катары кабыл алуу талап кылынган.

Deutsche Welle: Германияда төртүнчү толкун башталды. Германияда коронавирустун жаңы түрлөрү (Ковид-19) кайрадан көбөйдү. Көптөгөн региондордо эмдөөдөн өткөн, оорудан аман калган же тесттен терс сыноо алгандар гана жабык аймактарга кире алышат.

Focus.de: Австриянын канцлери Себастьян Курц Ооганстандан өлкөгө кирген качкындарды кабыл алгысы келбейт. Курц: «Менин бийлигим астында эч качан кире алышпайт»,- деди.

ТАСС агенттиги: Украинанын президенти Владимир Зеленский бир катар орусиялык компанияларды, анын ичинде мобилдик байланыш компаниясы «Ростелекомду» жапкан жарлыкка кол койду.

РИА Новости: Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров: «Түндүк агым-2» долбоору ондогон жылдар бою Европанын энергетикалык коопсуздугун бекемдейт.

«Известия» гезити: Орусиянын Тышкы иштер министрлиги кыска мөөнөттө Орусиянын эл аралык SWIFT банк системасынан чыгарылуу коркунучу жок экенин билдирди.

Эль -Паис (Испания): АКШнын президенти Жо Байден Испанияга Афганистандан эвакуация процессине көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

El Mundo (Испания): Испанияда жүргүзүлгөн изилдөө жакында Ковид-19дан улам балдарда байкалган жогорку температура белгилери Т-клеткаларынын алсырашынан келип чыкканын көрсөттү.

El Nacional (Венесуэла): Венесуэланын Бириккен Дарыгерлер тобу көп сандаган вакциналар дагы эле Кытайдан өлкөгө кирүүдө деп ырасташты, бирок бийликтегилер аны жарыялашпаганын айтып чыгышты.



Тектеш кабарлар