Дүйнөлүк басма сөз 28.06.2021

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1665902
Дүйнөлүк басма сөз 28.06.2021

Le Soir: 16-Европа футбол чемпионатынын (ЕВРО 2020) акыркы 16 команда калган турунда Бельгия кыйналса дагы чемпион Португалияны 1-0 эсебинде утуп чейрек финалга өттү. Чейрек финалда "Кызыл шайтандар" Италия менен беттешет.

Le Monde: Ливандын валютасында рекорддук амортизация катталды, эки ири шаарда кагылышуу башталды.

Le Figaro: Британиянын көчөлөрүнүн биринен Коргоо министрлигине таандык купуя документтер табылды.

Аль-Кудс аль-Араби: Ирактын баш калаасы Багдадда премьер-министр Мустафа аль-Казими, Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси жана Иорданиянын падышасы Абдулланын ортосунда саясий, коопсуздук жана экономикалык сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.

Al-Dustour (Иордания): Дүйнө жүзүндө коронавирустун (Ковид-19) себебинен адамдардын өлүмү 4 миллионго жакындады.

Al Jazeera: АКШнын Коргоо министрлиги (Пентагон): «АКШ Сириянын эки аймагында жана Ирактын бир аймагында Иранды колдогон куралдуу топтордун курал сактоочу жайларына абадан сокку урду».

El Mundo: (Испания) Мадриддеги эң ири ооруканалардын бири болгон Зендаль ооруканасы кечээ кечтен баштап 40 жаштан жогорку бейтаптарды 24 саат бою тейлей турган Ковид-19 эмдөө программасын баштады.

Tagesschau: Германияда Бавария аймагы, коронавирустун (Ковид-19) дельта вариантынын Европада тез жайылышынан кийин чек арада медициналык текшерүүнү күчөтүүнү каалоодо.

Süddeutsche Zeitung: Германиянын Вюрцбург шаарындагы кол салуудан кийин курман болгондорго арналган эскерүү аземи болуп өттү. Бычак менен кол салууда 3 адам каза болуп, 6 киши жаракат алган болчу.

Франкфуртер Альгемайне: Люксембургдун премьер-министри Ксавье Беттелдин Европа Биримдигинин жыйынынан кийин Ковид-19 тесттинен вирус табылды.

Известия: Украинанын экономика министринин орун басары Тарас Высоцкий: «Орустардын Украинанын жерлерин сатып алуу иштери көзөмөлгө алынып, жерлери конфискацияланат».

РТ: Орусиянын борбор шаары Москвадагы АКШнын элчилиги, 1-августтан кийин кызматкердин жетишсиздигинен улам кызмат көрсөтө албайт.

Риа Новости: Россия Ковид-19 пандемиясынын кесепетинен токтоп калган Бельгия, Болгария, Иордания, Ирландия, Италия, Кипр, Түндүк Македония жана АКШга үзгүлтүксүз каттамдарды кайрадан баштады.



Тектеш кабарлар