Дүйнөлүк басма сөз 14.06.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Аль-Рая Аль-Катария (КАТАР): Сауд Арабиясы: Быйыл ажылыкка өз жарандарына жана Падышалыктын жашоочуларына гана уруксат берилет.
«Жаңы жашоо» гезити (Палестина - Батыш Шериа): Палестинанын премьер-министри Мухаммед Иштийе, Газа тилкесин кайрадан калыбына келтирүү үчүн Дүйнөлүк Банктын делегациясын кабыл алды.
Аль-Ватан (ОМАН): Оман Султандыгы Франция менен аскердик кызматташуу жаатында өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол койду.
Frankfurter Allgemeine Zeitung: Рим Папасы Франциск, Жер Ортолук деңизин "Европанын эң ири көрүстөнү" деп мүнөздөдү.
Dpa: Британиянын ханышасы Элизавета II АКШнын президенти Жо Байден менен биринчи айым Жилл Байденди кабыл алды.
Tagesspiegel: (Беняьмин) Нетаняху мезгили азырынча аяктады - Израилдеги тарыхый бийлик алмашуу.
Le Parisien: 12 жыл бийликте турган Нетаньяху эми Израилдин премьер-министри эмес.
Le Monde: Франциянын Башкы штабынын башчысы, генерал Лекунтр кызматтан кетти.
France 24: НАТОнун саммити: Шериктештик трансатлантикалык мамилелерде жаңы барак ачкысы келет.
El País, Испания: G-7 лидерлери 2022-жылы 1 миллиард Covid-19 вакцинасын кайрым кылууга убада беришти.
La Vanguardia, Испания: Климаттык шарттарга байланыштуу жер которуу рекорддук деңгээлге жетти. 2020-жылы 40 миллион адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушту жана бул жер которуулардын 75 пайызы табигый кырсыктардан улам келип чыгууда.
Телесур: Бразилия менен Венесуэла Америка Кубогу-2021дин (Түштүк Американын футболдук турниринин) ачылышын ишке ашырды.
Известия гезити: Америка Кошмо Штаттары тарабынан америкалык каржы уюмдарына киргизилген Россиянын мамлекеттик облигацияларын сатып алууга тыюу салуу бүгүнтөн баштап күчүнө кирди.
РБК: АКШнын президенти Жо Байден Россиянын президенти Владимир Путиндин Вашингтондун кысымына карабастан позициясын өзгөртө албагандыгын анын мүнөздөрүнө байланыштырды.
Lenta.ru: 17-июндан тарта Санкт-Петербургда карантиндик чаралар күчөтүлөт.