Дүйнөлүк басма сөз 12.05.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Businessinsider.de: Түркиянын электр унааларын чыгаруучу TOGG Германияда өз компаниясын ачат.
Süddeutsche Zeitung: Жакынкы Чыгыш - Түркия Израилдин кылып жатканына катуу нааразычылыгын билдирип жатат, Араб өлкөлөрү унчукпай жатышат.
Deutsche Welle: Сауд Арабиясы менен Ирандын жакындашуусу - Эки күчтүү атаандаштын түздөн-түз байланыштары Перс булуңундагы чыңалууну басаңдатышы мүмкүн.
Эл Кларин (Аргентина): Аргентинанын тышкы иштер министри Фелипе Сола Газадагы кол салууларды айыптагандан кийин, Израилдин Буэнос-Айрестеги элчилиги бул билдирүүгө тынчсыздануусун билдирди.
Эль Паис (Испания): Испаниянын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана автономдуу аймактар 60 жашка чейинки жарандарга бир дозалуу Янсен Жонсон жана Жонсон вакцинасын берүүнү бекитти.
El Universal (Мексика): Гуадалахара шаарында миңдеген адамдар үйлөрүнөн уурдалгандан кийин жансыз денелери табылган 3 бир тууганга адилеттикти камсыз кылуу үчүн жөө жүрүшкө чыгышты.
France 24: Ковид-19 эпидемиясы: Француз парламенти өзгөчө кырдаалды токтотуу жана эмдөө паспорту жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алды.
Ле Матин (Швейцария): Жаңы түрдөгү коронавирустун индиялык варианты (Ковид-19) 44 мамлекетте кездешсе, АКШнын Президенти (АКШ) Жо Байден эмдөөгө жардам сурады.
Le Monde: Францияда башкаруучу LREM партиясы жергиликтүү шайлоого катышуу үчүн жоолук салынган талапкерге макул болгон жок.
Аль-Жазира: (Британиялык жаңылыктар сайты: "Кагылышуулар жана уруштар") Батыш медиасы Израилдин зордук-зомбулугун сылыктык менен ушундайча билдирет.
Аль-Кудс Аль-Араби: Израилдин оккупациялык армиясы: «Газадан Израилге миң ракета атылды»
Аль-Дустур (Иордания): Израилдин жаңы аба соккулары Газа тилкесиндеги паспорт столун талкалады.
Аль-Жазира: Дүйнөлүк тилектештик өнөктүгүндө "Шейх Жаррахты куткар" деген аталыш эки миллион твиттен ашты.