Дүйнөлүк басма сөз 11.05.2021

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1637785
Дүйнөлүк басма сөз 11.05.2021

France 24: Ковид-19: Франциянын премьер-министри Жан Кастекстин айтымында, Франция ден-соолук кризисинен «чыгып жатат».

Le Monde: Ковид-19: Франциянын Саламаттык сактоо министри Оливье Веран кафе жана ресторандардын террасалары 19-майда кайрадан ачыла тургандыгын ырастады.

Le Parisien: Франциянын премьер-министри Жан Кастекс полицияга же жандармга кол салгандарга катаал жаза колдонуларын жарыялады.

Deutsche Welle: Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) беш партиясы биргелешкен декларация менен Израилдин Акса мечитине каршы операциясын айыптап, Эл аралык Кылмыш Сотун иштөөгө чакырды.

Spiegel.de: Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму (ДССУ): «Жаңы түрдөгү коронавирустун (Сovid-19) индиялык мутациясы кооптондурат».

Bild.de: Германиянын ички иштер министри Хорст Зеехофер Ковид-19га кабылды.

El Pais (Испания): Ковид-19дан улам төмөндөгөн Испаниянын экономикасы кайра калыбына келе баштады.

ТелесурТв (Венесуэла): Венесуэла Израилдин Палестинага кол салууларын айыптады.

Eldustour:Иорданиянын тышкы иштер министри Эймен Сафеди, АКШнын мамлекеттик катчысы Антоний Блинкен менен сүйлөшүүсүндө, «Кудс негизги жана орчундуу маселе, болуп жаткан нерсе (Израилдин чабуулдары) токтотулушу керек»,-деди.

Aljazeera: Куран өрттөлдү ... Оккупациялык армия Аксага кайрадан кол салды, адамдардын өлүмү көбөйүүдө.

Elqudus elarabi: Палестинанын Президенттиги тирешүү үчүн баскынчы Израилди жооптуу көрдү. Президент Режеп Таййип Эрдоган Израилдин кол салууларын токтотуу үчүн араб лидерлери менен сүйлөштү.

Регнум агенттиги: Россиянын Борбордук банкы кибер чабуулдарда акчасын жоготкон банктык эсеп ээлерине депозиттерди кайтарып берүү тутумун сунуш кылды.

Лента.ру: Россиянын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Юрий Аверьянов АКШ башка өлкөлөрдү биологиялык курал жасоого үндөп жатканын айтты.

Газета.ру: АКШ президенти Жо Байденге караганда өлкөнүн эң ири мунай экспорттоочусу Colonial Pipeline фирмасынын IT-тутумуна кибер чабуулду Россиянын жасагандыгы жөнүндө эч кандай далил жок.



Тектеш кабарлар