Дүйнөлүк басма сөз 7.05.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Deutsche Welle: Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу иш сапарынын алкагында (Германиянын борбор шаары) Берлинде тышкы иштер министри Хайко Маас менен жолугушту.
Tagesschau: Германияда эмдөөдөн өткөндөрдү жана Ковид-19дан айыгып кеткендерди негизги укуктарга болгон чектөөлөрдөн бошоткон жобо Бундестагда кабыл алынды.
Sueddeutsche: Немис өкмөтү АКШнын вакцина патент укуктарын жокко чыгаруу сунушун четке какты.
Le Monde: Ковид-19: Франциянын президенти Эммануэль Макрон 12-майдан тарта дозалар жеткиликтүү болгондо "жаш курагы чектелбестен" эмдөө баарына ачык болот деп билдирди.
Le Figaro: Лион шаарына жакын жердеги өрттөн 11 адам жеңил жаракат алды.
France 24: Франция менен Европанын бир катар өлкөлөрү Израилден, оккупацияланган Палестина жерлериндеги жаңы конуштарды курууну токтотушун талап кылышты.
El Mundo (Испания): Испанияда Автономиялуу Өкмөттөр убактылуу токтотулган AstraZeneca вакциналарын 60 жашка чейин киргизүүнү каалашат.
El Pais (Испания): Испания Ооганстандан акыркы калган аскерлерин 13-майга чейин чыгарып кетет.
El Nacional (Венесуэла): Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында Ковид-19дун жаңы мутациясы пайда болду.
Elraya: Катар Россия Федерациясы менен экономикалык мамилелерин кеңейтүүдө.
Eldustour: Россия коронавируска каршы бир дозалуу жаңы вакцина иштеп чыкты.
Aljazeera: Вена сүйлөшүүлөрүнүн төртүнчү айлампасы... Иран: Акыркы өзөктүк келишимге кол коюунун графиги жок.
Elquds Elarabi: Кудстун Шейх Жаррах районундагы жөөт тургундар палестиналыктарга ок атып, ифтар дасторконуна кол салышты.
ТАСС агенттиги: АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен (Украинанын борбор шаары) Киевге сапары жемиштүү болгонун жана АКШнын Украинада жүргүзүлүп жаткан реформалар процессин колдоого бел байлаганын айтты.
РБК жаңылыктар сайты: (Украинадан көз карандысыздыгын бир тараптуу жарыялаган) Луганск Эл Республикасы БУУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн аймакта зарылдыгы жок экенин билдирди.
Lenta.ru жаңылыктар сайты: Россия менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү жылдын 4 айында 19,4 пайызга көбөйүп 40 миллиард доллардан ашты.