Дүйнөлүк басма сөз 30.04.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
France 24: Франциянын президенти Эммануэль Макрон, коронавируска (Ковид-19) каршы күрөшүүнүн алкагында киргизилген коменданттык сааттын чектөөлөрүнүн 3-майдан 30-июнга чейин акырындап алынып салынарын билдирди.
Le Parisien: Ковид-19: Францияда индиялык варианттын 'биринчи учуру' аныкталды.
Le Monde: Франция Ливандагы саясий туңгуюкка күнөөлөгөн саясатчыларга каршы санкцияларды киргизди.
Аль-Кудс Аль-Араби: Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас: «Биз Кудссуз шайлоого барбайбыз».
Аль-Дустур (Иордания): Америка Кошмо Штаттары (АКШ) менен Иран бир нече жуманын ичинде өзөктүк келишимге кол коюшат.
Аль-Рая (Катар): БУУ жалданма аскерлерди Ливиядан кетүүгө чакырды.
Handelsblatt: Керектөө баалары - Германияда инфляциянын өсүшү уланууда жана акыркы эки жылдагы эң жогорку деңгээлге жетти.
Frankfurter Allgemeine Zeitung: Германиядагы Biontech биотехникалык компаниясы вакцинасын 12 жаштан жогорку балдарга вакцина саюу уруксат алат.
Dpa: Германиянын Lufthansa авиакомпаниясы ушул жылдын биринчи чейрегинде да чыгымга учураганын билдирди.
El País: (Испания): Бир миллиондон ашуун испаниялыктар AstraZenecaнын экинчи дозасын күтүп жатышат.
Infobae (Аргентина): Европа Парламенти туристтер үчүн акысыз ПЦР тести жана Ковид сертификатынын карантиндик чөктөөлөрдөн бошотулушун талап кылууда.
Milenia (Мексика): (Мексикада Өкүлдөр палатасынын) Эл өкүлдөрү, косметикалык каражаттарды жаныбарларда сыноо жазасын 7 жылдык абак катары бекитишти.
Риа Новости: Европа Парламенти, Россияга каршы көрүлө турган чараларды камтыган токтомду бекитти.
Lenta.ru: Германия НАТО менен Орусиянын ортосунда согуш чыгып кетсе Берлин кандай кадамдарды жасаарын аныктады.
ТАСС агенттиги: Кыргыз өкмөтү, тажик-кыргыз чек арасындагы жаңжалда 3 кыргыз чек арачысынын шейит болгонун билдирди.