Дүйнөлүк басма сөз 29.04.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Deutsche Welle: Акыркы расмий маалыматтарга караганда, Германиядагы мусулмандардын саны 5,5 миллионго жетти.
Zdf: Германияда калктын болжол менен төрттөн бири коронавирустук вакцинанын жок дегенде бир дозасын алды.
Риа Новости: АКШнын президенти Жо Байден Орусия менен карым-катнаштарда чыңалууну күчөтүүгө аракет кылбагандарын айтты.
Ведомости: Түркия 50 миллион доза Sputnik V вакцинасын алуу боюнча келишим түздү.
Известия: Европа парламентинин мүчөлөрү, Россиянын Дүйнөлүк банктар аралык төлөм байланыш тутуму (SWIFT) менен алакасын үзүү демилгесин көтөрүштү.
Elqudus Elarabi: Ирандын тышкы иштер министри Жевад Зариф, Йемендеги жаңжалды токтотуу үчүн саясий чечимди колдогондорун билдирди.
Aljazeera: Иран менен өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда, АКШ делегациясы кийинки жумада Жакынкы Чыгышка барат.
Elraya: Катардын Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани Индияга шашылыш медициналык жардам жөнөтүүгө буйрук берди.
El Mundo (Испания): Коронавирус: Испанияда индиялык мутация эскертүүсү, күмөн саноолор бар бирок азырынча тактала элек.
El Pais (Испания): Жүргүзүлгөн изилдөөдө, Малинин жарандары Испаниядан эң көп башпаанек сураган 3-топ экени аныкталды.
El Nacional (Венесуэла): Эл аралык Валюта Фонду (IMF): «Венесуэла жумушсуздук деңгээли боюнча берки өлкөлөрдүн арасында биринчи орунда турат».
Франция 24: Францияда (жарандык согуш жөнүндө эскертүү берген) талаштуу макаланы жарыялаган 18 аскер жазаланат.
Le Temps (Швейцария): Францияда италиялык ашынган солчулдардын жети террористи кармалды.