Дүйнөлүк басма сөз 8.04.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Bild: 18 жаштагы немис жигит Кевин Дэвид Леманн 3,5 миллиард долларлык байлыгы менен дүйнөдөгү эң бай адамдардын катарына кирди.
Spiegel: Окумуштуулар пандемияны алдын алуу үчүн маалымат базасын иштеп чыгышты.
El País, Испания: Испаниянын Саламаттык сактоо министрлиги жана аймактар AstraZeneca вакцинасын 60 жашка чейинки адамдарга колдонууну жокко чыгарууга макул болушту.
La Vanguardia, Испания: Испаниянын премьер-министри Педро Санчес, Африкадагы иш-аракеттердин жаңы планынын алкагында Ангола жана Сенегалда жүрөт.
Infobae, Аргентина: Аргентина өкмөтүнүн коронавируска каршы жаңы чаралары: Коомдук иш-чараларды жокко чыгаруу, ресторандар менен барлардын жабылышы жана коменданттык саат.
Аль-Кудс Аль-Араби: АКШнын палестиналыктарга жардам көрсөтүүнү улантуу чечими жана ага бөлүнгөн 235 миллион доллар.
Al Jazeera: АКШнын Мамлекеттик департаменти: Биз Иранга каршы санкцияларды алып салууга даярбыз, бирок өзөктүк сүйлөшүүлөр кыйын болот.
Al-Dustour (Иордания): Дүйнө жүзүндөгү коронавирус: 3,5 миллион адамдын өлүмүнө себеп болду жана эпидемия Европа менен Бразилияда күчөп жатат.
Le Soir (Бельгия): Бельгия чечим кабыл алды, 55 жаштан жогору адамдарга Astrazeneca вакцинасы колдонулат.
France 24 (Франция): Франция расмий түрдө Pfizer/BioNTech вакцинасын чыгарууну баштады.
France 24 (Франция): Эл аралык мунапыс уюму, бай өлкөлөрдүн (коронавирустук) вакцина көлөмүнүн көпчүлүгүн монополиялаштырышын айыптады.
Коммерсант: Россияда 2021-жылдын биринчи чейрегинде жеке банкроттордун саны 81,5 пайызга көбөйдү.
Gazeta.ru: Адилеттүү Россия партиясы, пенсия курагын төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоорун Россия парламентинин төмөнкү палатасы Думага сунуштады.
Риа Новости: Россиянын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Николай Патрушев АКШны Россия чек араларына жакын жердеги биолабораторияларда биологиялык курал жасап жатат деп айыптады.