Дүйнөлүк басма сөз 05.04.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Deutsche Welle: Президент Режеп Таййип Эрдогандын Европа Биримдигинин (ЕБ) лидерлери менен (Түркияда 6-апрелде) боло турган жолугушуусунун мамилелерде жаңы доорго алгачкы кадам катары каралууда.
NDR.de: Германиянын саламаттыкты сактоо министри Йенс Шпандын Ковид-19га каршы эмделгендерге кандайдыр бир эркиндик берилиши мүмкүн деген сунушу карама-каршылыктарды жаратты.
Tagesschau.de: Рим папасы Францисктен Пасха майрамы боюнча билдирүүсү: «Пандемия мезгилиндеги куралдануу жана чыр-чатактар чуулгандуулук».
Ар-Рая Аль-Катария (Катар): Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар Грециянын чагымчыл аракеттерин айыптады.
ВАТАН (Оман): Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму (ДССУ) жаңы түрдөгү коронавирустун (Ковид-19) Кытай лабораториясынан агып чыкканы жөнүндө кайрадан текшерип чыгууну суранды.
Аль-Мустакбал (Ливан): Ирактын премьер-министри Мустафа аль-Казими Бириккен Араб Эмираттарына расмий иш сапары менен (Сауд Арабиясынан кийин) барып, бир жуманын ичинде экинчи араб өлкөсүнө иш сапары менен барды.
Le Monde: (Францияда) жогорку даражалуу чиновниктер катышкан мыйзамсыз көңүл ачуулар табылгандан кийин, Парижде тергөө башталды.
France 24: Мьянмадагы төңкөрүш башталгандан бери (1-февраль) 557 адам каза болду
Le Figaro: Ковид-19га каршы келечектүү деп эсептелген вируска каршы жаңы дарынын сыноосу башталды.
El Pais (Испания): Вакцинанын жетишсиздиги жана жай эмдөө айрым өндүрүүчүлөргө гана патент берилет деген жүйөнү күчөттү, эксперттердин айтымында, патенттелген болсо, күнүнө 12-60 миллион доза вакцина өндүрүлүшү мүмкүн.
Эль Мундо (Испания): Испаниялыктардын үчтөн бири (63,5 пайызы) эмдөөнүн жай жүрүп жаткандыгынан ушул жай мезгили да текке кетет деп эсептешет.
El Nacional (Венесуэла): Ковид 19: Оору кайрадан күчөй баштагандан кийин, Венесуэла өкмөтү чек ара көзөмөлүн күчөттү.
Lenta.ru: Америкалык Foreign Policy журналы АКШ президенти Жо Байден бийлиги Россия менен Кытайдын тузагына түшүп калбоо үчүн космостук маселелер боюнча шектүү эл аралык келишимдерден алыс болуу керек деп эскертти.
РИА Новости: Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин Гамалея эпидемиология жана микробиология илимий борборунун директору: «ЕБ, атаандаштыктын айынан «Sputnik V» вакцинасынын өзүнүн базарына киришине жол бербейт».
Коммерсант: Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелль Украинанын тышкы иштер министри Дмитро Кулеба менен сүйлөшүүсүнөн кийин Орусиянын аскерий ишмердүүлүгүнө тынчсыздануусун билдирди.