Дүйнөлүк басма сөз 29.03.2021

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1610391
Дүйнөлүк басма сөз 29.03.2021

 

Аль-Рая Аль-Катария (Катар): Президент Режеп Таййип Эрдоган Катардын Вице-премьер министри жана тышкы иштер министри Шейх Мухаммед Бин Абдулрахман Аль Танини кабыл алып, эки тараптуу карым-катнаштар жана Сирия менен Ливиядагы окуяларды талкуулады.

ВАТАН (Оман): Уйкусуздук жана чарчоо жаңы түрдөгү коронавируска (Ковид-19) кабылуу коркунучун жогорулатат.

Die Presse (Австрия): (Ковид-19) Германия Тирол провинциясына кирүү чектөөлөрүн алып салды.

dpa: Канцлер Ангела Меркель мамлекеттерди «шашылыш тормозду» басууга жана Covid-19 үчүнчү толкунунун алдында катуу чараларды көрүүгө мажбурлап жатат.

Ле Фигаро (Франция): Бельгиянын Льеж шаарында Ковид-19 чектөөлөрүнө каршы миң демонстрант чогулду.

Le Soir (Бельгия): Ковид-19 учурлары көбөйгөндүктөн ушул жумада Бельгиядагы мектептер жабылат.

РИА Новости: Россиянын Президенти Владимир Путин өлкөдө жайдын аягына чейин Ковид-19 чектөөсү жоюлушу мүмкүн экенин билдирди.

ТАСС: Россиянын жарандарынын дээрлик жарымы 2021-жылы кесибин алмаштырууну пландап жатышат.

Красная Весна: Түркиянын Айлана-чөйрө жана шаар куруу министрлиги «Канал Стамбул» долбоорунун курулуш планын бекитти.

El Pais: (Испания) Ковид-19га каршы иштелип чыккан AstraZeneca вакцинасын кайрадан колдонуу чечиминен кийин, эмдигиче белгисиздик болсо дагы, эмдөө процесси уланууда.

Эль Мундо: (Испания) Испаниядагы башкаруучу Социалисттик Жумушчу Партиясы (PSOE) менен оппозициядагы Жарандар партиясынын (Сиудаданос) ортосундагы пикир келишпестиктер оңчул-центрист күчтөрдүн ортосундагы тең салмактуулукту кайрадан калыбына келтирүүгө алып келүүдө.

TeleSur: (Венесуэла) Эквадордогу шайлоонун экинчи айлампасынан эки жумадан кийин, оппозициядагы Үмүт Бирлигинин (Юнес) президенттикке талапкери Андрес Арауз оңчул Гильермо Лассого караганда жети упайга артыкчылыкка ээ.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Путин , #Эрдоган

Тектеш кабарлар