Дүйнөлүк басма сөз 25.03.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Le Monde: (Францияда) Ковид-19дан улам реанимацияга жаткарылган бейтаптардын арасында жаштардын саны бара-бара көбөйүүдө.
Eldustour: Адилеттик жана Өнүгүү партиясы, Режеп Таййип Эрдоганды кайрадан жетекчи кылып шайлады.
Eldustour: Иорданияда AstraZeneca вакцинасынын биринчи жана экинчи дозаларынын ортосундагы үч айлык мөөнөттүн башталгандыгы билдирилди.
Aljazeera: Түркия, (Франциянын президенти Эммануэль) Макрондун Франциядагы шайлоого "кийлигишкендиги" жөнүндөгү билдирүүлөрүн айыптады.
La Nación (Аргентина): Аргентина Венесуэланы колдоо үчүн Лима тобунан кетти. (Лима тобу, 2017-жылы Америкадагы 14 өлкө тарабынан Венесуэла кризиси үчүн түзүлгөн эл аралык биримдик).
Prensa Latina (Küba): (Куба): Куба Ковид-19га каршы массалык эмдөө жолу менен баратат: Калктын 70 пайызы июль-август айларынын аралыгында эмделет.
Bild: Германиянын канцлери Ангела Меркель акыркы Корона саммитинде Пасха күндөрү үчүн кабыл алынган тыюу салуу чечимдеринен улам жарандардан кечирим сурады.
Deutsche Welle: Германия Sputnik V үчүн ишке киришти. Немис өкмөтү, Европа Биримдиги Комиссиясынан Россиянын коронавирустук вакцинасына заказ берүү боюнча иш-аракеттерди баштоону суранды.
Spiegel: Эгерде бардыгы жайында болсо балдар коронага каршы 2022-жылы гана эмделе алышат.
«Коммерсант» гезити: Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Чунг Эуй-Ён менен Сеулда жолуккандан кийин эки өлкөнүн биргелешкен инвестициялык фондун түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгын билдирди.
Lenta.ru: Bloombergдин кабарына караганда, Америка Кошмо Штаттары 2020-жылы Россиядан мунай зат импорттоону көбөйттү.
ТАСС: Союз 2.1б ракетасы OneWeb спутниктерин орбитага жайгаштыруу үчүн Восточный Космодромдон учурулду.