Дүйнөлүк басма сөз 5.03.2021

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1595523
Дүйнөлүк басма сөз 5.03.2021

Le Parisien (Франция): Ковид-19: Францияда 130дан ашуун соода борборлору жума күнү кечинде жабык болот.

France 24 (Франция):Франциянын премьер-министри Жан Кастекс: «(COVID-19га каршы) Биз майдын ортосуна чейин 20 миллион адамды эмдөөнү максат кылып жатабыз».

N-tv: Түркиянын түштүк-чыгышында тик учактын кыйрашынан 11 аскер курман болду.

Zeit.online: Бириккен Улуттар Уюмунун отчету: «Дүйнөдөгү бардык азык-түлүктөрдүн 17 пайызы таштандыга кетип жатат».

Frankfurter Allgemeine Zeitung: Европанын дары-дармектер агенттиги (EMA) орусиялык Sputnik V вакцинасын текшерүүдө.

Аль-Кудс Аль-Араби: Израилдин коргоо министри Бенни Ганцтын айтымында, армия Ирандын өзөктүк ишканаларына кол салуу планын иштеп жатат.

Аль-Дустур (Иордания): Араб Лигасы, Йеменде аскердик операцияларды токтотуулары үчүн хусийлерге эл аралык кысым талап кылды.

Аль-Рая (Катар): Израилдин кылмыштарына байланыштуу Эл аралык кылмыш сотунда башталган иликтөөгө карата арабдар менен палестиналыктар оң реакция көрсөтүштү.

Эль Мундо (Испания): Испаниянын президенти Педро Санчес кечээ символикалуу аземде жикчил ЭТА уюмуна таандык куралдардын жок кылынышына көз салды.

El Pais (Испания): Испаниянын өкмөтү, коронавирус пандемиясына байланыштуу кыйынчылыктарга туш болгон компанияларга жардам берүү үчүн 3 өзүнчө чукул фонд түздү.

El Nacional (Венесуэла): Жаңы Зеландиянын жээктеринде 8,1 баллдык жер титирөөдөн кийин Чили цунами эскертүүсүн берди.

ТАСС: Орусиянын Вашингтондогу элчиси Анатоли Антонов, АКШнын Орусиядагы адам укуктарына байланыштуу дооматтары кабыл алынгыс деп билдирди.

Ведомости: Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова, Евробиримдиктин Орусияга каршы жаңы санкцияларын “маанисиз” деп мүнөздөдү.

Lenta.ru: АКШ менен Британия Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүүгө камданып жатышат.



Тектеш кабарлар