Дүйнөлүк басма сөз 18.02.2021

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1585998
Дүйнөлүк басма сөз 18.02.2021

Frankfurter Allgemeine Zeitung: Европа Комиссиясы АКШдагы вакцина чыгаруучу Moderna компаниясы менен жалпы 300 миллион доза Ковид-19 вакцинасын сатып алуу үчүн жаңы келишим түздү.

Deutsche Welle: НАТОнун коргоо министрлери АКШдагы шайлоодон кийин биринчи жолу чогулууда.

Handelsblatt: Европанын автомобиль рыногу коронавирус эпидемиясынан улам оор мезгилди баштан кечирүүдө.

Le Parisien: "Сепаратисттик" мыйзам долбоору: Чек арасыз кабарчылар (француз) Сенатты басма сөз эркиндигин кепилдөөгө чакырды.

Le Monde: "Исламчыл улутчулдук": (Франциянын) Улуттук Илимий Изилдөө Борборунун (CNRS) маалыматына караганда бул сөздүн "эч кандай илимий чындыгы жок"; (Жогорку билим берүү жана изилдөө министри) Фредерик Видал кысымга алынды (Видал университеттерде "исламчыл улутчулдук" териштирүүсүн баштаган)

Le Figaro: Европалыктар менен америкалыктар Ирандын өзөктүк келишиминин куткарылышы жөнүндө сүйлөшүп жатышат.

Эль Паис (Испания): Рэп ырчысы Пабло Хаселдин камалышына каршы нааразычылыктар кечээ түштөн кийин Мадридге жайылды (Падышачыл үй-бүлөнү мазактаганы үчүн камакка алынды)

Ла Вангардия (Испания): Испаниянын Коомдук саламаттык сактоо комиссиясы 45 жаштан 55 жашка чейинки жарандарды AstraZeneca вакцинасы менен эмдөөнү сунуштады.

Infoabae (Аргентина): Пан Американын Саламаттык сактоо Уюму билдиргендей, Венесуэла Covaxтан Covid-19 вакцинасын алуу үчүн 18 миллион долларды алдын ала төлөшү керек.

Аль-Жазира: Израилде узак күтүүдөн кийин (АКШнын президенти Жо) Байден менен (Израилдин премьер-министри Биньямин) Нетаньяхунун ортосунда биринчи телефон сүйлөшүүсү өткөрүлдү.

Аль-Рая (Катар): Түркиядагы туризм чарбалары коноктордун көңүлүн бурууда.

Аль-Кудс Аль-Араби: Бириккен Араб Эмираттарынын Израилдеги элчиси еврей тилиндеги твити менен элчиликтин Твиттер аккаунтун ачты.

Коммерсант: Украинанын "Нафтогаз" компаниясынын башчысы, Түндүк агым-2 газ түтүгүнүн курулушун токтотуу украиналыктар үчүн "чоң маселе" деди. Анын айтымында, долбоордун аякташы Украинаны "Россиянын агрессиясына" каршы алсыз кылат.

РИА Новости: 2021-жылы Россиянын 30дан ашык банкы лицензиясынан ажырап калышы мүмкүн.

ТАСС: Москва, Европанын адам укуктары боюнча сотунун, камакка алынган оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын дароо бошотулушу талабын Россия Федерациясынын ички иштерине кийлигишүү катары эсептейт.



Тектеш кабарлар