Дүйнөлүк басма сөз 25.01.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
ЛеМонде: Азиядагы баңгизат сатуучу деп шектелип, дүйнөдөгү эң көп изделип жаткан адамдардын бири (Цэ Чи Лоп) Нидерландияда камакка алынды.
France 24: Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен Америка Кошмо Штаттарынын президенти (АКШ) Жо Байден кызматка киришкенден кийин телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрөгүн, бул биринчи телефон чалуу болгонун кабарлаган.
Le Soir: Бельгиядагы мектептерде коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) кабатырлануу күч алууда.
аль-Кудс аль-Араби (Араб - Британ гезити): Израилдин жаңы элчиси Вашингтонго АКШнын президенти Жо Байдендин бийлигине сунуштай турган талаптарынын тизмеси менен келди.
al-Raye al-Qatariyye (Катар гезити): Катардын коррупцияга каршы аракетине эл аралык сый.
ed-Düstur (Иордания гезити): Йемендин өкмөтү жана хуситтердин делегациялары Иорданияда сүйлөшүүлөрдү баштады.
El País (Испания): Улуу Британияда пайда болгон мутацияланган коронавируска байланыштуу Испания үчүнчү толкундун эң начар мезгилине туш келди.
El Universal (Мексика): Мексиканын президенти Лопес Обрадор орусиялык кесиптеши Владимир Путин менен Sputnik V вакцинасын жеткирүү боюнча сүйлөшөт.
Эль Тиемпо (Колумбия): АКШда Дональд Трамп доорун көмүү үчүн «күтүүсүз багытты өзгөртүү»: Жаңы президент Жо Байден учурдагы кризистен чыгуу үчүн 30 жарлыкка кол койду.
Deutsche Welle: Анкара менен Афина беш жылдан кийин кайрадан үстөлдө жолугушууда.
Stuttgarter-Nachrichten.de: Дүйнөлүк футболдун жылдыздарынын бири Месут Өзил расмий түрдө Фенербахчеге которулду.
Tagesschau.de: Германия Европа Биримдигиндеги коронавируска каршы антителолорду колдонгон биринчи өлкө болууга даярданууда.
Gazeta.ru жаңылыктар сайты: «Фортуна» кемеси Данияда «Түндүк агым-2» жаратылыш газ түтүгүнүн курулушун кайра баштады.
Известия гезити: Россияда кайрымдуулук деген ат менен мыйзамсыз акча чогулткандарга айып пул салынышы мүмкүн.
Russia Today: Россия Эл аралык Ай программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор талкууланган жыйындарга катышуу укугунан ажыратылды.