Дүйнөлүк басма сөз 11.01.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Le Parisien: Франциянын Марсель шаарында сегиз кишиден Англияда кездешкен мутацияланган тез жайылуучу Ковид-19 түрү табылды: «Мындан ары ар бир мүнөт маанилүү», - деди шаардын мэри.
Le Monde: Алжирдин президенти Абдулмежид Теббун Германияга дарылануу үчүн кайтып келди.
Франция 24: Ковид-19дун 3 миллиондон ашык учурлары катталган Африка континенти, вакцина жарышында кандай абалда?
Аль-Рая Аль-Катария (Катар): Президент Режеп Таййип Эрдоган, «Перс булуңундагы өлкөлөрдүн элдешүүсү, аймак үчүн жакшы жана позитивдүү кадам»
ВАТАН (Оман): Катар жана Сауд Арабия өз ара каттамдарын кайрадан башташты (бүгүн).
ВАТАН (Оман): Бахрейн Катарга аба каттамдарын калыбына келтирүүнү чечти.
Deutsche Welle: Америка Кошмо Штаттарындагы (АКШ) Конгресстин имаратын басып алуудан кийин Германия парламент имаратынын коопсуздугун күчөтүүдө.
Welt.de: Германияга иммиграция - Коронага карабастан 2020-жылы 103 миң башпаанек кайрылуусу болгон.
El Pais (Испания): Гибралтар боюнча Испания менен Британиянын ортосунда түзүлгөн келишимде эки аймактын ортосундагы бардык тикендүү зымдарды жана физикалык чек араларды жок кылуу каралган.
Эль Мундо (Испания): Испаниянын бийик аймактарында катуу суук жана кар күрткүлөрү болуп, ички бөлүктөрүнө коркунуч туудурду.
El Nacional (Венесуэла): Венесуэла ушул дүйшөмбүдөн баштап Ковид 19 чараларын жана карантин эрежелерин ийкемдүү кылууга даярданууда.
Лента.ру: Президент Режеп Таййип Эрдоган купуялуулук саясатындагы өзгөрүүгө байланыштуу WhatsApp тиркемесинен баш тартты.
Коммерсант гезити: Россияда мутацияланган «британ коронавирусунун» биринчи учуру аныкталды.
Gazeta.ru: Россиянын Президенти Владимир Путин, Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен Россиянын Азербайжан жана Армениянын лидерлери менен өткөрүүнү пландаштырган жолугушуу тууралуу сүйлөштү.