Мозамбикте полиомиелитке каршы вакцина берилет

Инд океанынын жээгинде жайгашкан Африка өлкөсү Мозамбикте 5 жашка чейинки 7 миллион баланын полиомиелитке каршы эмделе турганы маалымдалды.

1853230
Мозамбикте полиомиелитке каршы вакцина берилет

Инд океанынын жээгинде жайгашкан Африка өлкөсү Мозамбикте 5 жашка чейинки 7 миллион баланын полиомиелитке каршы эмделе турганы маалымдалды.

Саламаттыкты сактоо министри Арминдо Тиаго полиомиелитке каршы эмдөө кампаниясынын үчүнчү этабы кечээ башталганын билдирди.

Тиаго полиомиелит менен күрөшүү үчүн өлкө боюнча 5 жашка чейинки 7 миллион баланын эмделе турганын айтты.

Эмдөө кампаниясы менен өлкөдөгү бардык балдарды эмдетүүнү максат кылгандарын белгилеген Тиаго, полиомиелит менен күрөшүүдө координациялуу иш-аракеттердин көрүлүшү керектигин баса белгиледи.

Биринчи учур 17 - февралда Малавиде 3,5 жаштагы балада аныкталган.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму  бул "болжол менен 5 жылдан кийин Африкада чыккан  полиомиелиттин биринчи учуру" деп жарыялады.

Сөз болуп жаткан вирустун Пакистанда байкалган вирус менен байланыштуу экени белгилүү болгон.

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду ЮНИСЕФ 21 - мартта Африкада 23 миллион бала полиомиелитке каршы эмделе турганын жарыялаган.

Полиомиелит 5 жашка чейинки балдарда пайда болгон жана ошол эле аталыштагы вирустан келип чыккан оору катары аныкталууда.

Вирус ар бир 200 бейтаптын биринде жүлүнгө жугуп, артка кайтуусу болбогон параличке алып келет. Инсульт алгандардын 5-10 пайызы дем алуу булчуңдары жабыркап каза болууда.

 



Тектеш кабарлар