Италияда муз массасынын кулашы менен 9 адам каза болду

Альп тоолорунун Италия тарабындагы Мармолада дөңсөөсүндө бир муз массасынын кулашы натыйжасында болгон апаатта каза болгондордун саны 9га жетти.

1853229
Италияда муз массасынын кулашы менен 9 адам каза болду

Альп тоолорунун Италия тарабындагы Мармолада дөңсөөсүндө бир муз массасынын кулашы натыйжасында болгон апаатта каза болгондордун саны 9га жетти.

Италиянын ANSA маалымат агенттигинин кабарында издөө -  куткаруу топторунун тоодо муз массасы кулаган жерде жүргүзгөн изилдөөлөрдө  айрым калдыктарды табышкандары жана каза болгондордун саны 9га жеткендиги билдирилди.

Табылган сөөктөрдүн 3-июлдагы табигый кырсык учурунда аймакта болгон альпинисттерге тиешелүү же тиешелүү эместигин аныктоо жана дайынсыз жоголгондорду табуу иштеринин уланып жатканы айтылды. Окуяда жаракат алгандардын саны 7 деп белгиленди.

Ошол эле учурда Каназеи шаарынын мэри Жованни Бернард Мармолада дөңсөөсүндө болгон кырсыктан кийин жаңы муз кулоо, кар көчкү жана жер көчкү коркунучунан улам тоонун кээ бир кооптуу жерлерине кирүүгө тыюу салды.

Бир тараптан Италия басма сөзүндө орун алган кабарда окуя болгон учурда тоодо канча кишинин болгондугуна байланыштуу 20 – 30  арасында сандар берилүүдө.

Өлкөнүн түндүк-чыгышынан өткөн Альп тоосунун Мармолада чокусунда 3-июлда муз катмары ажырап, кулаган.

Окуя болгон учурда басып жүргөн бир группа альпинист апаатын ортосунда калды.

Бир канча убакыттан бери өтө ысык аба ырайынын таасири астында болгон Италияда 2-июлда Мармоладанын чокусунда абанын температурасынын  10 градуска жеткени билдирилди.

Жетекчилер Италиядагы эң чоң мөңгүлөр орун алган Мармолада дөңсөөсүндө глобалдык ысынуудан улам 15-30 жыл аралыгында мөңгүлөрдүн калбай турганын эскертишүүдө.



Тектеш кабарлар