Орусия Украинага чабуулдарын улантып жатат

Игорь Конашенков борбор шаар Москвада Орусия менен Украинанын ортосундагы согушта орус армиясынын кыймылдары тууралуу маалымат берди.

1852783
Орусия Украинага чабуулдарын улантып жатат

Орусиянын Коргоо министрлиги, Украинада АКШ өндүргөн 2 жогорку натыйжалуу артиллериялык ракета системасынын (HIMARS) абадан учурулган жогорку тактыктагы ракеталар менен жок кылынганын билдирди.

Министрликтин басма сөз катчысы Игорь Конашенков борбор шаар Москвада Орусия менен Украинанын ортосундагы согушта орус армиясынын кыймылдары тууралуу маалымат бөлүштү.

Орус күчтөрүнүн Украинадагы аскерий элементтерге чабуулун улантып жатканын белгилеген Конашенков, Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Харьковдогу 92-механикалаштырылган бригадасынын 100гө жакын аскери жана 4 аскердик техникасынын жок кылынганын айтты.

Конашенков: «Донецктин Малотарановка конушу жайгашкан чөлкөмдө АКШнын 2 жогорку эффективдүү артиллериялык ракета системасы (HIMARS) жана бул системалар үчүн 2 ок-дары кампалары абадан атылган жогорку тактыктагы ракеталар менен жок кылынды. Мындан тышкары, Николаев областындагы 'С-300' абадан коргонуу системасынын радар станциясы жана чет элдик жалданма согушкерлер убактылуу жайгаштырылган борбор жогорку тактыктагы куралдар менен жок кылынды»,- деди.

Украина армиясына таандык 6 башкаруу борбору, 6 ок-дары жана курал кампалары, «Ураган» жана «Град» көп стволдуу ракета аткычтар акыркы 24 саатта аткыланганын белгилеген Конашенков, Украинанын «Су-25» үлгүсүндөгү согуштук учагы, «Ми-8» жана 2 «Ми-24» үлгүсүндөгү тик учактар менен 11 учкучсуз учуучу аппаратынын атып түшүрүлгөнүн кабарлады.

Украина күчтөрүнө таандык 9 баллистикалык «Точка-У» ракетасы жана 8 көп стволдуу ракета аткычтар колго түшүрүлгөнүн белгилеген Игорь Конашенков: «Бүгүнкү күнгө чейин Украинага таандык 232 учак, 137 тик учак, 1462 учкучсуз учуучу аппарат, 353 абадан коргонуу ракеталык системасы, 3 миң 915 танк жана бронетехника, 720 көп стволдуу ракета аткычтар, 3 миң 96 гаубица жана минометтор, 4 миң 43 атайын аскердик техника жок кылынды»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар