НАСА спутниги менен байланыш үзүлдү

Американын космос жана авиация башкармалыгы (НАСА) Айды изилдөө үчүн жиберген жаңы спутниктен кабар жок.

1852623
НАСА спутниги менен байланыш үзүлдү

Американын космос жана авиация башкармалыгы НАСА Айды изилдөө үчүн жиберген жаңы спутниктен кабар жок.
НАСАнын басма сөз катчысы Сара Фрейзер мурунку күнү Жер орбитасынан ийгиликтүү чыккан микротолкундуу меш өлчөмүндөгү CAPSTONE космос кемесинде байланыш маселеси жаралгандыгын жарыялады.

Маселени чечүү жана байланышты калыбына келтирүү үчүн иштеп жаткандарын белгилеген Фрейзер, CAPSTONEнин туура орбитага отурушу үчүн жетиштүү күйүүчү майга ээ болгонун айтты.

Салмагы болжол менен 25 килограмм экени айтылган CAPSTONE менен байланыштын качан үзүлгөнү белгисиз, бирок маселенин жер орбитасынан чыккандан кийин чыкканы болжолдолууда.

«CubeSat» категориясындагы спутниктин чогулта турган маалыматтарды НАСАга жөнөтүшү жана адамзаттын Айга кайрадан конушу үчүн керектүү алдын ала маалыматттарды бериши күтүлүп жаткан. 

CAPSTONEнин болжол менен 13 -  ноябрда Айга барып, орбитада кеминде 6 ай калышы күтүлүп жаткан. 

Ракета 28-июнда Жаңы Зеландиянын Махия жарым аралындагы ракеталык лабораториялык Учуруу комплекси 1ден учурулган.



Тектеш кабарлар