Францияда темир жол жумушчулары иш таштоого чыгышты

Жалпы өлкөдө борбор шаар Париж жана көп сандаган шаарлар аралык поезд жана ылдам поезд каттамдары токтотулду.

1852857
Францияда темир жол жумушчулары иш таштоого чыгышты

Францияда темир жол жумушчулары айлык маянасын көтөрүүнү талап кылып, өлкө боюнча иш ташташты.

Көптөгөн профсоюздардын чакырыгы боюнча иш таштаган француз SNCF темир жол компаниясынын жумушчулары инфляциянын жогорку деңгээлине каршы эмгек акыны жогорулатууну талап кылышууда.

Жалпы өлкөдө борбор шаар Париж жана көп сандаган шаарлар аралык поезд жана ылдам поезд каттамдары токтотулду. 

Бир тараптан 8 - 10 -  июль күндөрү  Шарль де Голль аэропортунун жумушчулары да иш ташташат.

Транспорт секторундагы иш таштоо толкунунан жайкы эс алуунун башталышына туш келишинен улам эс алуучуларга тескери таасир тийгизери айтылууда. 

 

 



Тектеш кабарлар