Дмитрий Песков орус данына карата талаптын көп экендигин айтты
Песков бул тоскоолдуктардын «биринчи кезекте Европа Биримдиги өлкөлөрү киргизген мыйзамсыз санкциялар жана чектөөлөрдөн улам» чыкканына көңүлдөрдү бурду.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков орус данына карата талаптын көп экендигин бирок дүйнө базарына чыгарууда көптөгөн бөгөттөрдүн бар экендигин айтты.
Дмитрий Песков журналисттерге берген маалыматында Россиянын президенти Владимир Путиндин дан өткөрүү тууралуу иштеринин улантылып жаткандыгын, тийиштүү фирма менен учурдагы шарттардын алкагында сүйлөшө тургандыгын белгилеп : "Өзгөчө учурдагы абалда муктаждыктарды карап чыга турган болсок, дандарыбызга талап абдан көп. Бирок буга муктаж болгон дүйнө базарларына кеткен жолдо көптөгөн бөгөттөр бар",- деди.
Песков бул тоскоолдуктардын «биринчи кезекте Европа Биримдиги өлкөлөрү киргизген мыйзамсыз санкциялар жана чектөөлөрдөн улам» чыкканына көңүлдөрдү бурду.
Дмитрий Песков Украина портторунан кургак жүк ташыган кемелердин дан чыгарышы тууралуу сүйлөшүүлөр жана Россиянын ролуна байланыштуу берилген бир суроого берген жоо берип, кечээ Россиянын Коргоо министри Сергей Шойгунун бул кемелердин чыгышына карата эки коридордун ачылгандыгы тууралуу билдирүүсүн эске салды.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.