Орусиянын Украинадагы чабуулдары

Сергей Шойгу Орусия менен Украинанын ортосунда 24-февралдан бери уланып жаткан согушка байланыштуу билдирүү жасады.

1852286
Орусиянын Украинадагы чабуулдары

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу, Украинадагы согуштун акыркы 10 күнүндө 170 жалданма согушкердин жок кылынганын билдирди.

Сергей Шойгу Орусия менен Украинанын ортосунда 24-февралдан бери уланып жаткан согушка байланыштуу борбор шаар Москвада аскердик жетекчилер менен өткөргөн жыйында билдирүү жасады.

Орус күчтөрүнүн Украинадагы илгерилешинин натыйжасында чет элдик жалданма согушкерлердин жана жеке аскердик компаниялардын кызматкерлеринин саны азайганын белгилеген Шойгу: "Акыркы 10 күндүн ичинде жалданма согушкерлердин 170и жок кылынды, алардын 99у болсо согуштук аракеттерге катышууну токтотуп, Украинанын аймагынан чыгып кетишти",-деди.

Кара деңиз жана Азов деңиздериндеги кемелердин коопсуздугун камсыздоо үчүн чараларды көргөндөрүн билдирген Сергей Шойгу: "Биз жарандык кемелер үчүн 2 гуманитардык коридор түздүк. Мариуполь портунун сууларында мина коркунучу толугу менен жок кылынды",-деп айтты.

Украинанын Луганск аймагын толугу менен көзөмөлгө алгандарына көңүл бурган Шойгу, бул аймактагы элге колдоо көрсөткөндөрүн белгиледи.

Батыш өлкөлөрүнүн Украинага байланыштуу аракеттерине да токтолгон орус министри: "Батыш Украинадагы жаңжалды узартуу үмүтү менен Киев администрациясына ири өлчөмдөгү курал-жарактарды жөнөтүүнү улантууда. Украинага 28 миң тоннадан ашык аскерий жүк жеткирилди",-деди. 

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков да: «Бүгүнкү күнгө чейин Украинага таандык 231 учак, 134 тик учак, 1451 учкучсуз учуучу аппарат, 353 абадан коргонуу ракеталык системасы, 3 миң 910 танк жана бронетехника, 716 көп стволдуу ракета аткычтар, 3 миң 92 гаубица жана минометтор, 4 миң 16 атайын аскердик техника жок кылынды», деп айтты.



Тектеш кабарлар