Испанияда деңиз дрондору колго түшүрүлдү

Испания полициясы Мароккодон деңиз түбүндөгү жол аркылуу банги зат аткезчилигин ишке ашыруу үчүн өндүрүлгөн жана 200 килого жакын банги зат ташый алган суу астындагы учкучсуз учуучу аппараттарды колго түшүрдү.

1852174
Испанияда деңиз дрондору  колго түшүрүлдү

Испания полициясы Мароккодон суу түбүндөгү жол аркылуу банги зат аткезчилигин ишке ашыруу үчүн өндүрүлгөн жана 200 килограммга жакын банги зат ташый алган суу астындагы учкучсуз учуучу аппараттарды колго түшүрдү.

Испания полициясы 14 айга созулган операциянын натыйжасында Гибралтар кысыгы аркылуу Мароккодон Испанияга баңгизат ташыган кылмыштуу топту суу астындагы учкучсуз учактар ​​менен жок кылганын, Кадис, Малага жана Барселонада 8 шектүүнү кармаганын билдирди.

Биринчи жолу суу астында жүрүүчү учкучсуз учактарды конфискациялагандарын белгилеген Испания полициясы GPS (глобалдык жайгаштыруу системасы) навигация системалары менен жабдылган суу астындагы учкучсуз учактар ​​жайгашкан кампаны да тинткендигин, үч учкучсуз учактын бирөөнүн колдонууга даяр экенин, экөөнүн  курулуш фазасында колго түшүрүлгөндүгүн билдирди. 

 

 



Тектеш кабарлар