Австралияда селдерден улам эвакуация чечими чыгарылды

Австралиянын Сидней шаарында 30 - июндан бери жаап жаткан нөшөрлөгөн жамгыр жана селден улам 50 миң киши эвакуацияланды.

1852133
Австралияда селдерден улам эвакуация чечими чыгарылды

Австралиянын Сидней шаарында 30 - июндан бери жаап жаткан нөшөрлөгөн жамгыр жана селден улам 50 миң киши эвакуацияланды.

Акыркы бир нече күндө күчөгөн нөшөрлөгөн жамгырдан улам Сиднейде дамбалар жана каналдар ташкындап, шаардын көпчүлүк бөлүгү селге багынган.

Жаңы Түштүк Уэльс штаты болжол менен 23 калктуу конушту "кырсык зонасы" деп жарыялап, суу ташкынынан жабыркагандарга федералдык жардамдын баштала турганын жарыялады.

Штаттын премьер-министри Доминик Перротет коомчулукту "сак болууга" чакырып, штат боюнча жаңы суу ташкындары болушу мүмкүн экенин эскертти.

Перротетти апааттын таасири күчөгөндүктөн Сиднейде 32 миң кишилик эвакуация буйругунун 50 миңге көтөрүлгөнүн жарыялады.

Издөө - куткаруу  топтору шаарда түнү бою суу ташкынынан улам унааларында жана үйүндө камалып калган 100гө жакын кишини куткарды.

Сиднейде 3-июлда нөшөрлөгөн жамгыр жана суу каптоо коркунучуна каршы он миңдеген кишиге эвакуациялоо буйруктары чыгарылып, тургундарга зарылчылык болбосо саякатка чыгуудан баш тартуу боюнча эскертүү берилген.



Тектеш кабарлар