Шойгу: «Луганск аймагы толугу менен көзөмөлгө алынды»

Шойгу Кремль сарайында Орусиянын президенти Владимир Путинге орус армиясынын Украинадагы чабуулу тууралуу рапорт берди.

1851781
Шойгу: «Луганск аймагы толугу менен көзөмөлгө алынды»

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу орус күчтөрү Украинанын чыгышындагы Луганск аймагын толугу менен көзөмөлгө алганын билдирди.

Шойгу Кремль сарайында Орусиянын президенти Владимир Путинге орус армиясынын Украинадагы чабуулу тууралуу рапорт берди.

Орус күчтөрүнүн 19-июндан бери Луганск Элдик Республикасы деп аталган аймакты көзөмөлгө алуу үчүн «ийгиликтүү операция» жүргүзгөнүн белгилеген Шойгу Лисичанск жана Северодонецктин жанындагы курчоого алынган аймакта эки жуманын ичинде жоюп тазалоо болгонун айтты.

Шойгу айрыкча Северодонецк, Золотое, Горское Волчеяровка сыяктуу чоң шаарлардын 25 конушунун көзөмөлгө алынганын билдирип:«Операция кечээ Луганск Эл Республикасынын эң ири шаарларынын бири болгон Лисичанскты бошотуу менен аяктады. Активдүү чабуул операцияларында жалпысынан 670 чарчы километр аймак көзөмөлгө алынды»,-деп айтты.

Шойгу бул мезгилдеги кол салуулардын натыйжасында Украина куралдуу күчтөрүнүн жоготууларынын 5469 киши болгонун, алардын 2218инин каза болгонун, 3251инин жараланганын айтты.

Шойгу бул операцияда Украинага таандык 196 танк жана бронетехника, 12 учак, 1 тик учак, 69 учкучсуз учуучу аппарат, 6 абадан коргонуу ракета системасы, 97 көп стволдуу ракета аткычтар, 166 гаубицалар жана миномёттор жана 216 жеке аскердик унаа жок кылынганын билдирди.

Украин күчтөрүнүн Лисичанскиде 39 танк жана бронетранспортер, 11 гаубицасы жана миномёту жана көптөгөн танкка каршы мылтыктарын калтырганын белгилеген Шойгу, учурда Лисичанск шаарында минадан тазалоо иштери менен элге жардам берилип жатканын айтты.

Шойгу орус куралдуу күчтөрүнүн Украинадагы операцияларын улантып жатканын белгиледи.



Тектеш кабарлар