Орус күчтөрү Украинанын Лисичанск шаарын толук көзөмөлгө алды

Коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Шойгу Орусиянын президенти Владимир Путинге орус армиясынын Украинадагы аракеттери тууралуу маалымат берди.

1851203
Орус күчтөрү Украинанын Лисичанск шаарын толук көзөмөлгө алды

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу орус күчтөрү Украинанын Лисичанск шаарын толугу менен көзөмөлгө алганын билдирди.

Коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Шойгу Орусиянын президенти Владимир Путинге орус армиясынын Украинадагы аракеттери тууралуу маалымат берди.

Шойгу орус аскерлери Украинанын Луганск аймагында алдыга жылып жатканын белгилеп: «Лисичанск шаарын жана Белогоровка, Новодруеск, Малорязанцев жана Белая Гора конуштарын толук көзөмөлдөөгө жетишилди»,-деп айтты.

Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков да орус күчтөрү Украинанын Верхнекаминка, Золоторивка жана Билигоревка конуштарын көзөмөлгө алганын билдирди.

Конашенков украин күчтөрү бардык багытта жоготууга учураганын, Донецктеги Марынка конушунда украин аскерлери бөлүктөрүнүн жана техникасынын 60 пайызга жакынынан ажыраганын айтты.

Харьков облусунда 100гө жакын украин аскери жана 15 аскер техникасы жогорку тактыктагы куралдар менен жок кылынганын белгилеген Конашенков: «Орусиялык куралдуу күчтөр Миколив шаарындагы чет элдик жалданма согушкерлер жайгашкан борборго сокку урду. Чабуулда 120дай согушкер жок кылынды»,-деди.

Донецк аймагында акыркы 24 саатта Украина армиясына таандык 10 административдик борбор жана 7 ок-дары кампасынын жок кылынганын белгилеген Конашенков 2 «Су-25» үлгүсүндөгү согуштук учак менен 10 учкучсуз учуучу аппараттын атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Конашенков Украина башкаруучулугунун Орусиянын Белгород жана Курск шаарларында карапайым калк жашаган кварталдарга «Точка-У» баллистикалык ракеталары жана «Ту-143 Рейс» учкучсуз учуучу аппараттары менен түнкү кол салууларды жасаганын айтты.

Белгиленген аймактарда эч кандай аскерий элемент жок экенин билдирген Конашенков, Украина тарабынан учурулган ракеталардын Орусиянын абадан коргонуу системасы тарабынан абада жок кылынганын белгилеп: «Курскты көздөй келе жаткан 2 Ту-143 Рейс учкучсуз учуучу аппараты да Орусиянын абадан коргонуу системасы тарабынан атылды»,-деди.

Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков да окуяда шаарда 40 үй зыянга учурап, 4 адам каза болуп, 4 адам жаракат алганын билдирди.



Тектеш кабарлар