Австралияда сел апааты

Жетекчилер нөшөрлөгөн жамгыр жана сел коркунучуна каршы он миңдеген адамдарды эвакуациялоого буйрук берди.

1851204
Австралияда сел апааты

Австралиянын Сидней шаарында нөшөрлөгөн жамгыр жана суу ташкынынан улам он миңдеген киши эвакуацияланды.

Би-Би-Синин кабарына караганда, Австралиянын метеорология мекемесинин билдирүүсүндө Непеан дарыясынын жээгинде суу ташкындоо коркунучу болушу мүмкүн экендиги жана аймакта таасирдүү болгон шамалдын саатына 90 километрге жетиши мүмкүн экендиги билдирилди.

Жетекчилер нөшөрлөгөн жамгыр жана сел коркунучуна каршы он миңдеген адамдарды эвакуациялоого буйрук берди.

Жаңы Түштүк Уэльс штатынын өзгөчө кырдаалдар министри Стефани Кук: «Бул өмүргө коркунуч туудурган өзгөчө кырдаал, биз жээктеги эрозия, суу ташкындары жана дарыялардын ташкыны сыяктуу көптөгөн коркунучтарга дуушарбыз»,-деп айтылат.

Кук шаар тургундарын зарыл болбосо саякатка чыгуудан баш тартууга үндөдү.

Батыш Сиднейдеги Варрагамба дамбасынын кечээ кечинде толуп баштаганы тууралуу маалымат бөлүшүлдү.



Тектеш кабарлар