Владимир Зеленский эл аралык коопсуздук кепилдиктери боюнча атайын топ түзөрүн билдирди

Зеленский элге кайрылуусунда топтун башында НАТОнун мурдагы башкы катчысы Андерс Фог Расмуссендин тургандыгын айтты.

1851042
Владимир Зеленский  эл аралык коопсуздук кепилдиктери боюнча атайын топ түзөрүн билдирди

Украинанын президенти Владимир Зеленский Украинанын эл аралык коопсуздук кепилдиктери боюнча атайын топ түзөрүн билдирди.

Зеленский элге кайрылуусунда топтун башында НАТОнун мурдагы башкы катчысы Андерс Фог Расмуссендин тургандыгын айтты.

«Кеңсемдин төрагасы Андрей Ермак да аны менен бирге иштешет»,- деген Зеленский топтун дүйнөнүн түрдүү демократиялык өлкөлөрүнөн Австралия, АКШ, Швеция, Британия, Германия, Польша, Франция, Италия жана Украинадан негизги ысымдарды камтыганыгын белгиледи.

Зеленский топтун негизги милдети - келечекте кол салулардын  болбошу үчүн, чындап жана узак мөөнөткө иштей турган, Украина үчүн коопсуздук кепилдиги форматын иштеп чыгуу экенин айтты.

Зеленский ошондой эле АКШга жана АКШнын президенти Жо Байденге Украина үчүн жарыяланган NASAMS (абадан коргонуу системасы) системаларын камтыган жаңы колдоо пакети үчүн ыраазычылык билдирди.

Норвегиянын премьер-министри Йонас Гар Стоктун кечээ Киевге барганын билдирген Зеленский Украинага коргонуу боюнча дагы көбүрөөк колдоо көрсөтүү жана Россияга каршы санкцияларды күчөтүү темасын сүйлөшүшкөнүн билдирди.

Зеленский ошондой эле кечээ Украинанын Жогорку Кеңешинде (Жогорку Рада) евроинтеграция боюнча декларацияга кол койгондугун айтып : «Бул документ менен биз талапкер статусунан толук кандуу мүчөлүккө өтө баштаганыбызды билдирдик»,- деди.



Тектеш кабарлар