Иранда жер титирөө болду

Иранда күчү 6,1 баллга жеткен жер титирөөдө 3 киши каза болду.

1850981
Иранда жер титирөө болду

Ирандын жарымы расмий Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, эпицентри Хормузган провинциясындагы Бендер Хемир жана Бендер Ленге шаарларынын тегереги болгон, күчү 6,1 баллга жеткен жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 02:02де катталган.

Биринчи аныктамалар боюнча жер титирөөдө 3 адам каза болуп, 19 адам жаракат алды.

Хормузган Кызыл Жарым Ай коомунун башкы директору Мүхендис  Мухтар Силахшор жер титирөөнүн эпицентри  300дөн ашуун кожолук болгон Сайехуш айылынын болгонун жана эң көп зыяндын ушул аймакта болгонун белгиледи.

Сайехуштан тышкары Конх, Дежган жана Чах Ахмед аймактарында да олуттуу кыйроонун болгону билдирилди.

10 километр тереңдикте болгону белгиленген жер титирөөдөн кийин экиси 6,1 жана 6,3 баллдык бир мүнөттүк аралык менен 15 жер титирөө болду.

Жер титирөө Хормузган провинциясынын административдик борбору Бандар-Аббас шаарында да сезилип, эл көчөгө чыкты.

Fars News агенттиги да коопсуздукту камсыздоо үчүн Төңкөрүш гвардиясы жана ага караштуу Бесик күчтөрү жер титирөөдөн жабыркаган Хормузган аймактарына жөнөтүлгөнүн кабарлады.



Тектеш кабарлар