Индияда жер көчкүдө каза болгондордун саны 20га жетти

Учурда штатта 20 адамдын каза болгону катталды.

1851045
Индияда жер көчкүдө  каза болгондордун саны 20га жетти

Индиянын Манипур штатында 30-июнда болгон жер көчкүдө каза болгондордун саны 20га жетти.

Бийлик облустун Ноней районундагы Түпүл темир жол курулушунда жер көчкү жүрүп, 40тан ашуун адамдын дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат берди.

Учурда штатта 20 адамдын каза болгону катталды.

18 кишинин куткарылганын билдирген жетекчилер аймактагы боштуктан улам издөө - куткаруу иштеринин этияттык менен жүргүзүлгөнүн айтты.

Бир тараптан Ассам штатын таасири астына алган нөшөрлөгөн жамгырдан улам болгон селде каза болгондордун санынын 173кө жеткени билдирилди.

 



Тектеш кабарлар