Гонконгдо кеме экиге бөлүндү
Гонконгду каптаган Чаба бороонунан улам 30 жүргүнчүсү жана 20дан ашык экипажы болгон кеме экиге бөлүнгөн.
Гонконгду каптаган Чаба бороонунан улам 30 жүргүнчүсү жана 20дан ашык экипажы болгон кеме экиге бөлүнгөн.
Гонконг өкмөтүнүн учуу кызматы тарабынан жасалган билдирүүдө чоң бөлүгү суу астында калган кемедеги издөө-куткаруу иштеринин уланып жаткандыгы белгиленди.
Жетекчилер азырынча 3 экипаж мүчөсүнүн куткарылганын, дайынсыз жоголгондорду издөө иштеринин уланып жатканын билдирди.
Начар аба ырайынын издөө иштерине терс таасирин тийгизгенин белгилеген жетекчилер, экипаждын бир бөлүгүнүн өз мүмкүнчүлүктөрү менен кемеден чыкканын да белгилешти.
Гонконгдо Чаба бороону, катуу жамгыр жана шамалдан улам коомдук транспортко чектөө киргизилип, көптөгөн ишканалар жабылды.
Метеорологдор бороон Кытайдын Гуандун провинциясындагы Чжаньцзянга жакын жерге жетерин болжошууда.
Тектеш кабарлар
Чоң жетиликтин тышкы иштер министрлеринин жыйыны эртең башталат
Жыйында 2 күн бою эл аралык күн тартибиндеги маселелер каралат.