Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму Европада маймыл чечеги вирусунда өсүү болгондугун билдирди

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун Европа аймактык директору доктор Ханс Клюге Европа аймагында маймыл чечеги вирусунун жайылышына байланыштуу акыркы абалдарга баа берди.

1850963
Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму Европада маймыл  чечеги вирусунда өсүү болгондугун билдирди

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму Европада маймыл чечеги менен ооруган бейтаптардын саны акыркы 2 жумада үч эсеге чыккандыгын билдирди. 

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун Европа аймактык директору доктор Ханс Клюге пресс  -  жыйынында уюмдун Европа аймагында маймыл чечеги вирусунун жайылышына байланыштуу акыркы абалдарга баа берди. 

Клюге Европанын маймыл чечеги вирсунун борбору болууну улантып жаткандыгын белгилеп : "15 -  июлдан тарта ДССУнун Европа аймагында 4 миң 500дөн ашуун бейтап такталды. Акыркы эки жумада бейтап саны үч эсеге өстү",- деди. 

Клюге аймакта ырасталган бейтаптардын көпчүлүгүн 21 -  40 жаш арасындагы адамдардын түзгөндүгүн, бейтаптардын 99 пайызынын да эркектер экендигин айтты. Клюге ушул кезге чейин бейтаптардын 10 пайызынын дарылануу үчүн ооруканага жаткырылгандыгын, 1 кишинин реанимацияга алынгандыгын белгиледи. 

Ушул кезге чейин аймакта маймыл чечеги  вирусу жуккан кишилердин каза болбогондугун белгилеген Клюге : "Оорунун тез айыгышы ДССУ Өзгөчө кырдаалдар комитетинин вирустун өзгөчө кырдаалына көз карашын өзгөртүшү мүмкүн",- деди. 

Клюге вирустун дагы көп жайылышына каршы дүйнөнүн шашылыш жана бирдиктүү чара көрүшү керектигин белгилеп : "Мынчалык ылдам жайылган эпидемияга каршы үнсүз калбоо керек",- деди. 

Эндемикалык бир вирус себеп болгон сейрек оорулардын бири  маймыл чечеги, Конго жана Батыш Африка түрү менен экиге бөлүнөт.

Көбүнчө жаныбардан адамга жана  сейрек адамдан адамга жугуучу вирус дене табын ысытып,  кычыштырган ыйлаакчаларды пайда кылат.

 

 



Тектеш кабарлар