Ляйен Украинаны өлкөнү зарылчылыкка жараша колдоону улантышарын айтты

Фон дер Ляйен Украинага талапкер өлкө статусу берилгенден кийин видеоконференция аркылуу чакырылган украин парламентине кайрылды.

1850869
Ляйен Украинаны  өлкөнү зарылчылыкка жараша колдоону улантышарын айтты

Европа Биримдиги  Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен, Украинанын Европа Биримдигине мүчө болуу үчүн узун жолу бар экенин, бирок өлкөнү зарылчылыкка жараша колдоону уланта тургандарын айтты.

Фон дер Ляйен Украинага талапкер өлкө статусу берилгенден кийин видеоконференция аркылуу чакырылган украин парламентине кайрылды.

Россиянын украиналыктарды өлтүрүүгө, шаарларды бомбалоону, буудайын уурдоону улантып жаткандыгын белгилеген фон дер Ляйен : «Канчага созулса созулсун, Украинанын колдоону улантабыз. Сиздер женгенге чейин биз эс албайбыз»,- деди.

Фон дер Ляйен Украинадагы мамлекеттик жана демократиялык мекемелердин согуш учурунда да үзгүлтүксүз иштешин мактап : "Сиздердин Европа Биримдигине мүчө болуу арызыңыздар  Россиянын оккупациясынан  бир нече күн өткөндөн кийин келди. Сиздер бизге керектүү маалыматтарды рекорддук деңгээлде тез жеткирдиңиздер",- деди.

"Бүгүн биринчи кезекте бул тарыхый бурулушту, чечкиндүүлүктүн жеңишин майрамдоо күнү",- деген  Фон дер Ляйен: "Украинаны кайра куруу жана Европа Биримдигине мүчөлүк процесси бирге жүрөт" ,- деди.

Фон дер Ляйен буларды белгиледи  : "Бүгүн мен бул жерге абдан жөнөкөй билдирүү менен келдим. Сизди алдыда узун жол күтүп турат, бирок Европа Биримдиги согуштун бул караңгы күндөрүнөн тартып мүчө болгонго чейин ар бир кадамда сиздер менен болот. Мен Украинанын Европалык келечегине ишенем. Мунун бир гана себеби украиналыктардын чечкиндүүлүгү».

23-24-июндагы лидерлер саммитинде Европа Биримдиги Кеңеши Украинага талапкер өлкө статусун берди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский да өлкөсүнүн 115 күндүн ичинде рекорддук мөөнөттө талапкер өлкө статусун алганын белгилеп, Европа Биримдиги менен шайкеш келтирүү боюнча кабыл алынуучу чечимдерди ишке ашыруунун келечектеги муундарга жакшы келечек алып келүү үчүн  жоопкерчиликтеринин ичинде  экенин айтты.

Украина Европа Биримдигинин электр тармагына киргенин эске салган Зеленский :"Эми биз Европа Биримдигине электр энергиясын экспорттой  алабыз",-  деди.

 



Тектеш кабарлар