Иран : "Дан коридоруна салым кошууга даярбыз"

Ирандын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда Абдуллахиян менен украиналык кесиптеши Дмитрий Кулеба эки тараптуу карым-катнаштар жана эл аралык окуялар тууралуу телефон аркылуу сүйлөштү.

1850857
Иран : "Дан коридоруна салым кошууга даярбыз"

 Ирандын тышкы иштер министри Хусейин Эмир Абдуллахиян Кара деңизде түзүлө турган коопсуз дан коридору келишимине салым кошууга даяр экендиктерин билдирди.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда Абдуллахиян менен украиналык кесиптеши Дмитрий Кулеба эки тараптуу карым-катнаштар жана эл аралык окуялар тууралуу телефон аркылуу сүйлөштү.

Ирандын президенти Ибрахим Реиси менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин 29 -июндагы жолугушуусуна көңүл бурган Абдуллахиян, өлкөсүнүн Украинадагы согушка каршы позициясын жана согуштан качуу зарылдыгын дагы бир жолу кайталаганын айтты.

Иран менен Украинанын ортосундагы карым-катнаштардын ар дайым достук, сый, өз ара кызыкчылыктар жана кызматташтыктын алкагында сакталгандыгын белгилеген Абдуллахиян : «Кара деңизде дан коридорун ачуу келишимине салым кошууга даярбыз»,- деди.

Украинанын тышкы иштер министри Кулеба өлкөсүнө каршы согушка каршы чыккан Иранга ыраазычылык билдирип, Киев өкмөтү согушту токтотуу үчүн ар кандай жардам жана саясий колдоо алууга даяр экенин белгиледи.

Эки тараптуу карым-катнаштарды, анын ичинде айыл чарба жана дан тармагын кеңейтүүгө даяр экендиктерин белгилеген Кулеба, Тегеран менен Киевдин ортосундагы конструктивдүү карым-катнаштарды өнүктүрүү үчүн диалогду улантуунун маанисине көңүлдөрдү бурду.

Дүйнөнүн эң ири дан өндүрүүчүлөрү Орусия менен Украинанын ортосундагы согуштун азык-түлүк кризисине айланбашын алдын алуу үчүн аймактагы миллиондогон тонна дандын Бириккен Улуттар Уюмунун, Орусия, Украина жана Түркиянын катышуусу менен дүйнөлүк рынокко ташылышы пландалууда.

Долбоордун этабындагы планга ылайык, дан азыктары Кара деңиз аркылуу дүйнөлүк рынокко ташылат.

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар 23 - июндагы билдирүүсүндө процесстин операциялык борборунун Стамбулда түзүлүшү боюнча орток пикир бар экенин айтты.



Тектеш кабарлар