Британия Украинага кошумча аскердик жардам берет

Британиянын Россия менен согуш башталган 24 -  февралдан бери Украинага берген аскердик жардам 2,3 миллиард фунт стерлингге жетет.

1850315
Британия Украинага кошумча аскердик жардам берет

Британия Украинага 1 миллиард фунт стерлинг аскердик жардам берет.

Британиянын премьер  - министрлик кеңсеси 10 – номерден берилген маалыматта сөзү болгон колдоонун Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин кечээ НАТО  лидерлерине кайрылуусунда өлкөсүнүн согуштун жүрүшүн өзгөртүүсүнө жардам берүү үчүн чукул жардам берүүгө чакыруу салгандан кийин келгендиги билдирилди.

Билдирүүдө Англиянын Украинага 1 миллиард фунт стерлингдик аскердик жардамында абадан коргонуу системалары, учкучсуз учуучу аппараттар, жаңы электрондук согуш жабдыктары жана аскерлер үчүн жабдыктар менен Украинанын коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыра турганы белгиленди.

Ушундайча Британиянын Россия менен согуш башталган 24 -  февралдан бери Украинага берген аскердик жардам 2,3 миллиард фунт стерлингге жетет.

Билдирүүдө Британиянын премьер  - министри Борис Жонсондун көз караштарына орун берилип,  Россиянын президенти Владимир Путиндин ырайымсыздыгыукраиналыктардын жанын алууну жана жалпы Европада тынчтык жана коопсуздукту коркутууну уланткандыгы билдирилди.

Жонсон : «Британиянын куралдары, жабдуулары жана машыгуулары Украианын бул кол салууга каршы коргонуусун өзгөртүп жатат. Путиндин Украинада ийгиликсиз болушуна мүмкүнчүлүк түзүү үчүн Украина калкынын аркасында турууну улантабыз»,- деди.

Британиянын коргоо министри Бен Уоллес  да өлкөсүнүн Украинага болгон милдеттенмеси реалдуу жана туруктуу экенин белгилеп : «Россия багытын өзгөрткөнгө чейин украиналыктардын жанында болобуз. Бул аскердик жардам, орус агрессиясына каршы  күрөшүн активдештирүүгө жана аларга керектүү коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылууга жардам берет",- деди.

 



Тектеш кабарлар