НАТОнун лидерлер саммити башталды

Саммиттин алдында өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчылары үй-бүлөлүк сүрөткө түшүштү.

1849779
НАТОнун лидерлер саммити башталды
nato liderler zirvesi1.jpg
nato liderler zirvesi2.jpg
nato liderler zirvesi aile fotografi.jpg
nato liderler zirvesi.jpg

Испаниянын борбор шаары Мадридде НАТОнун лидерлер саммити башталды.

Саммиттин алдында өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчылары үй-бүлөлүк сүрөткө түшүштү.

Фотосессия учурунда президент Режеп Таййип Эрдоган менен АКШнын президенти Жо Байден жолугушту. Кол алышып учурушкан эки лидер  андан кийин НАТОнун баш катчысы Столтенберг менен бирге журналисттер үчүн сүрөткө түшүштү. 

Андан кийин эки лидер Британиянын премьер  - министри Борис Жонсон менен маектешишти. 

НАТОнун баш катчысы Столтенберг Украина тема болгон биринчи отурумдун ачылышында сөз сүйлөп,  саммитте Россия менен Кытай сыяктуу авторитардык режимдердин эрежелерге таянган тартипке каршы чыккан атаандаштык бир дүйнөдө НАТОнун күчтөндүрүлүшү үчүн маанилүү чечимдердин чыгарыларын билдирди. 

Союздаштыктын жол картасы болгон Стратегиялык концепция документинин жаңы абалынын кабыл алынарын эске салган Столтенберг, альянстын тоскоолдугун жана коргонуусун күчтөндүрө тургандарын, Швеция менен Финляндиянын чакырылуусу менен НАТОнун каалгаларынын  ачык экендиги көрсөтүлөрүн белгиледи. 

Столтенберг ошондой эле Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин лидерлерге кайрыла турганын жана Украина үчүн ар тараптуу колдоо пакети кабыл алынаарын билдирди.

Саммитти өткөрүп жаткан  Испаниянын премьер-министри Педро Санчес : "Кабыл алган чечимдерибиз алдыбыздагы 10 жылда биздин мүмкүнчүлүктөрүбүздү жана ресурстарыбызды колдонууну аныктайт. Дүйнө бизди карап турат. Биз биримдигибизди, күтүүлөрдү актай аларыбызды баарына көрсөтөбүз" ,- деди.

Түркия Финляндия менен Швецияны үчтүк меморандумга кол коюшунан улам куттуктаган Санчез : "Бул эки өлкөнүн НАТОго кириши маанилүү бир бурулуш жери болот",- деди. 

 



Тектеш кабарлар