НАТО лидерлер саммитинин билдирүүсү

НАТО өлкөлөрүнүн лидерлери Швеция жана Финляндияны альянска кошулууга чакыруу чечимин чыгарды жана кошулуу протоколдоруна кол коюу тууралуу макулдашты.

1849932
НАТО лидерлер саммитинин билдирүүсү

НАТО өлкөлөрүнүн лидерлери Швеция жана Финляндияны альянска кошулууга чакыруу чечимин чыгарды жана кошулуу протоколдоруна кол коюу тууралуу макулдашты.

Испаниянын борбор шаары Мадридде болгон НАТО саммитинин билдирүүсү жарыяланды. Билдирүүдө НАТОнун ачык каалга саясатына болгон ишенимдүүлүк аныкталып : «Бүгүн Финляндия жана Швецияны НАТОго мүчө болууга чакыруу чечимин чыгардык жана кошулуу протоколдоруна кол коюу тууралуу келиштик. Альянска кошулууда союздаштардын мыйзамдуу коопсуздук тынчсызданууларын канааттандыруу маанилүү. Түркия, Финляндия, Швециянын ортосундагы үч тараптуу меморандумду ыраазычылык менен кабыл алабыз.

Финляндия жана Швециянын кошулушу бул өлкөлөрдү коопсуз, НАТОну күчтүү жана Евро  - Атлантика аймагын коопсуз кылат. Кошулуу процесси Финляндия жана Швециянын коопсуздугу альянс үчүн түздөн түз мааниге ээ болууда»,- деп билдирилди.  

Билдирүүдө лидерлер биримдик жана тилектшетикти белгилеп, Россиянын Украинага кол салуусун күчтүү түрдө айыптады.

Украинадагы гуманитардык абалдан Россиянын жооптуу экендигин, согуштук кылмыш кылгандардын жоопко тартылары белгиленген билдирүүдө Россиянын билип туруп азык  - түлүк жана энергетика кризисин ого бетер курчуткандыгы, Украина данынын дүйнө базарларына чыгарылышына карата эл аралык аракеттердин колдоого алынгандыгы маалымдалды.

Билдирүүдө Украина менен тилектештик, өлкөнүн жеринин бүтүндүгү жана көз карандысыздыгы дагы бир жолу баса белгиленип, бул өлкөгө күчтөндүрүлгөн колдоо пакети боюнча келишимге жетишилгени белгиленди.

Лидерлер куралдарды тапшыруунун ылдамдай тургандыгын, Украинанын кибер коргонуусунун жакшырарын, узун мөөнөттүү коргонуу секторунун трансформациясын колдоого ала тургандыгын белгилешти. Ошондой эле НАТОго карата коркутуулар тууралуу : «Россия Федерациясы союздаштардын коопсуздугуна Евро-Атлантика аймагында стабилдүүлүккө жана тынчтыкка эң олуттуу жана түз коркунуч болуп саналат. Бардык түрү жана формасы менен терроризм элдерибиздин коопсуздугуна, эл аралык туруктуулук жана бейкуттукка түздөн түз коркунуч болууну улантууда»,- деп айтылды жана бул коркутуулар менен күрөшүү боюнча чечкиндүүлүккө басым жасалды.

Стратегиялык консепт документинин да кабыл алынгандыгы белгиленген билдирүүдө тоскоолдук жана коргонуунун күчтөндүрүлөрү баса белгиленди.

Лидерлердин согушка даяр кошумча күчтөрдүн чыгыш канатына жайгаштырылышына болгон убадалары берилген билдирүүдө бул күчтөрдүн керек болгон учурда чоңойтула алары белгиленди.

Энергетика коопсуздугунун күчтөндүрүлөрү белгиленген билдирүүдө армияларга ишенимдүү энергетиканын өткөрүлөрү, өзгөчө климаттык алмашуунун таасирлеринин НАТОнун негизги аныктамаларынын арасында  баа берилгендиги маалымдалды.

НАТО лидерлери Европа Биримдиги менен стратегиялык өнөктөштүктү алдыга жылдырууну улантышары, Азия - Тынч океан аймагы өнөктөштөрүнүн саммитке катышуусу коопсуздуктун биргелешкен чакырыктарында кызматташуунун маанилүүлүгүн көрсөтүп жатканын баса белгилешти.

Билдирүүдө Босния  - Герцеговина, Грузия жана  Молдовага жаңы саясий жана практикалык колдоо көрсөтүү чечими кабыл алынганы, коргонуу чыгымдарынын көбөйүшүнө ыраазы экендиктери да белгиленди.



Тектеш кабарлар