Ливанда Микати кабинет тизмесин Авнга сунуштады

Учурдагы премьер-министр  Микати Авн менен борбор шаар Бейруттагы Баабда сарайында жолугушкандан кийин жолугушуунун себебине байланыштуу кыскача маалымат берди.

1849824
Ливанда Микати кабинет тизмесин Авнга сунуштады

Ливанда өкмөттү түзүү милдети жүктөлгөн премьер-министр Нажиб Микати министрлер кабинетинин жаңы тизмесин президент Мишель Авнга тапшырганын жарыялады.

Учурдагы премьер-министр  Микати Авн менен борбор шаар Бейруттагы Баабда сарайында жолугушкандан кийин жолугушуунун себебине байланыштуу кыскача маалымат берди.

Микати : «Мен ылайыктуу деп эсептеген кабинеттин тизмесин президент Авнга тапшырдым»,-  деди.

Ливанда 2005 – 2011 - жылдары жана 2021 - жылдан бери премьер - министрлик кызматты аркалаган Микати 23 - июнда 127 мүчөнүн 54нүн добушун алып, Авн жана депутаттардын арасындагы  кеңешүүнүн натыйжасында премьер - министрликке талапкер болду.

Премьер-министрликке талапкер Микати 27 – 28 - июнда парламенттеги саясий партиялар менен кеңешүү жолугушууларын өткөрдү.

Авн Микати сунуш кылган кабинетти бекитеби же жокпу азырынча белгисиз. Кабыл алынса, министрлер кабинетинин тизмеси парламентте ишеним добушуна коюлат.



Тектеш кабарлар