Ел Хуррас террордук уюмунун лидери бутага алынды
Бул тууралуу Америка Кошмо Штаттарынын Борбордук Күч Командирлиги билдирди.
Америка Кошмо Штаттарынын Борбордук Күч Командирлиги (CENTCOM) Сириянын Идлиб шаарында Аль Каида менен байланышы бар Ел Хуррас уюмунун лидерлеринен экендиги айтылган Эбу Хамза ел Йеменини абадан кол салууда бутага алгандарын билдирди.
CENTCOMдун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө : "CENTCOM күчтөрү 27 - июнда Сириянын Идлиб облусунда Аль Каида менен байланышы бар террордук уюм Хуррас аль - Диндин лидери Эбу Хамза ел Йеменини бутага алган бир кинетикалык кол салуу жасалды. Эбу Хамзах ел Йемени кол салууда мотоциклде жалгыз өзү бара жаткан",- деп билдирилди.
Кол салууда бул кишинин өлтүрүлгөндүгү же өлбөгөндүгү тууралуу маалымат берибестен, алгачкы иликтөөдө жарандык жоготуунун болбогондугу белгиленди.
Тектеш кабарлар
НАТО өлкөлөрү Украинага абадан коргонуу системалары тууралуу жардам берет
НАТО - Украина кеңеши коргоо министрлеринин деңгээлинде онлайн жыйын өткөрдү.